Жогорку Кеңеш Рысбековду энергетика министри кылып дайындоого макулдук берди
Бишкек, 11.06.26. /Кабар/. Бүгүн, 11-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында энергетика министринин кызмат ордуна дайындоо үчүн Рысбеков Алтынбек Дурусбековичтин талапкерлигине макулдук берүү маселеси каралды Парламенттен билдиришкендей, талапкердин эмгек жолу тууралуу президенттин жана министрлер кабинет

Бишкек, 11.06.26. /Кабар/. Бүгүн, 11-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында энергетика министринин кызмат ордуна дайындоо үчүн Рысбеков Алтынбек Дурусбековичтин талапкерлигине макулдук берүү маселеси каралды Парламенттен билдиришкендей, талапкердин эмгек жолу тууралуу президенттин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Бектур Зулпиев тааныштырды Депутат Дастан Бекешев Алтынбек Рысбековду кызматкерлерин тандоодо тууганчылыкка карабай, алардын кесипкөйлүгүнө басым жасоого чакырса, депутат Жайлообай Нышанов алыска аймактарда электр станцияларынын абалы өтө оор экенин белгилеп, жагдайга көңүл бурууну өтүндү Ал эми депутат Медер Чотонов диний мекемелерге социалдык тарифтин негизинде төлөм жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берүүнү суранса, депутат Максат Алымбеков жаңы министрди оңдоп-түзөө иштерине байланышкан өчүрүүлөр боюнча жарандарды алдын ала кабардар кылууга үндөдү Андан тышкары, депутаттар тармактагы негизги көйгөйлөргө да токтолушуп, жаңы министрден жаңы реформаларды күтүшөрүн кошумчалашты Жыйынтыгында эл өкүлдөрү сунушту колдоп, Алтынбек Рысбековду энергетика министри кылып дайындоого макулдук беришти


