Tenqri
Башкы бет
Дүйнө

Чүй облусунун тургундарын май айынын аягына чейин тоого чыкпоону суранат

7-майдан 12-майга чейин туруксуз аба ырайы күтүлүп, Чүй облусунун тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт, сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорология кызматы эскертет Буг

0 көрүүkaktus.media
Чүй облусунун тургундарын май айынын аягына чейин тоого чыкпоону суранат
Paylaş:

7-майдан 12-майга чейин туруксуз аба ырайы күтүлүп, Чүй облусунун тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт, сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорология кызматы эскертет Буга байланыштуу облустук ички иштер башкармалыгы шаар тургундарын жана конокторун майрам жана дем алыш күндөрү коопсуздук чараларын сактоону: мүмкүн болсо, тоолуу жана тоо этектериндеги аймактарга баруудан баш тартууну, дарыялардын жана капчыгайлардын жээктеринде эс албоону, ошондой эле нөшөрлөгөн жаан учурунда тоолуу жолдордо жүрбөөнү өтүндү "Эс алуу учурунда өзүңүздүн коопсуздугуңузга кам көрүп, тез аккан суудан алыс болуңуз. Керек болсо 102 кызматына кайрылыңыз", - деп жыйынтыктады бөлүм

Kaynak: kaktus.media

Diğer Haberler