ЖИнин инфраструктурасын өнүктүрүүгө 10 миллиард доллар инвестицияланган
Казакстан жасалма интеллект инфраструктурасын өнүктүрүүгө 10 миллиард доллар инвестиция салган. Бүгүн премьер-министр Олжас Бектенов NVIDIA компаниясынын вице-президенти Рев Лебаредян жана америкалык Firebird компаниясынын жетекчилиги менен стратегиялык келишимдерге кол койду. Жолугушууда тараптар Э

Казакстан жасалма интеллект инфраструктурасын өнүктүрүүгө 10 миллиард доллар инвестиция салган. Бүгүн премьер-министр Олжас Бектенов NVIDIA компаниясынын вице-президенти Рев Лебаредян жана америкалык Firebird компаниясынын жетекчилиги менен стратегиялык келишимдерге кол койду. Жолугушууда тараптар Экибастузда ишке ашырылып жаткан “Маалыматтарды иштетүү борборлорунун өрөөнү” долбоорун талкуулашты. Учурда бул жерде 300 мегаватт электр энергиясы бар, келечекте бул көрсөткүчтү 1 гигаваттка жеткирүү пландалууда. Өкмөттүн маалыматы боюнча, жаңы инфраструктуранын негизинде NVIDIAнын акыркы муундагы 100 000 жогорку өндүрүмдүүлүктөгү графикалык процессорлор орнотулат жана жасалма интеллект моделдерин окутуу үчүн масштабдуу эсептөө комплекси түзүлөт. Эксперттердин эсебинде, долбоор толук ишке киргенден кийин жылына кеминде 3 миллиард доллар экспорттук киреше түшүп, миңдеген жаңы жумуш орундары түзүлөт. Ошол эле учурда эл аралык технологиялык компанияларды тартууга, илимий изилдөөлөрдү өнүктүрүүгө жана ата мекендик стартаптардын потенциалын жогорулатууга жол ачуу керек Багдат Мусин, «Казактелеком» акционердик коомунун башкармасынын төрагасы:


