Tenqri
Башкы бет
Дүйнө

"Жер кыртышы бузулууда". Сел каптаган аймактар, өкмөттөгү жыйын

2-майдын кечинде Баткен районунун Ак-Татыр жана Самаркандек айыл аймактарында катуу сел жүрүп, 149 адам эвакуацияланган. Ош, Жалал-Абад облустарында жолдорду, үйлөрдү, социалдык мекемелердин короолорун суу каптаганы социалдык тармактарга жарыяланууда 4-майда Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек

0 көрүүazattyk.org
"Жер кыртышы бузулууда". Сел каптаган аймактар, өкмөттөгү жыйын
Paylaş:

2-майдын кечинде Баткен районунун Ак-Татыр жана Самаркандек айыл аймактарында катуу сел жүрүп, 149 адам эвакуацияланган. Ош, Жалал-Абад облустарында жолдорду, үйлөрдү, социалдык мекемелердин короолорун суу каптаганы социалдык тармактарга жарыяланууда 4-майда Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы сел жүргөн аймактардагы кырдаалга байланыштуу ыкчам кеңешме өткөрдү. Анда, өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, өзгөчө кырдаалдар министринин жана тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн учурдагы кырдаал жана табигый кырсыктын кесепеттерин жоюу боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндөгү баяндамалары угулду "Жер-жерлерде сел агызып келген ылайды тазалоо, унаа жолдорун жана жабыркаган инфраструктураны калыбына келтирүү боюнча иштер кызуу жүрүп жатканы белгиленди. Кесепеттерди жоюуга ӨКМ, ИИМ, Коргоо министрлигинин бөлүмдөрү, жергиликтүү бийлик органдары жана атайын техникалар тартылган. Кеңешменин жыйынтыгында тиешелүү органдарга бир катар тапшырмалар берилди, анын ичинде кырдаалга мониторинг жүргүзүү, калыбына келтирүү иштерин ыкчам жана сапаттуу аткаруу, келтирилген зыянды баалоо жана селдин келип чыгышын алдын алуу боюнча кошумча чараларды иштеп чыгуу милдеттендирилди", - деп айтылды маалыматта Баткен облусунан жыйынга президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов, район жана шаар башчылары, ошондой эле жарандык коргонуу кызматтарынын жетекчилери катышканын облустук администрациядан кабарлашты Рахимов селдин кесепеттери жана калыбына келтирүү иштеринин жүрүшү тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, 29-апрелден бери жааган жаан-чачындан улам Баткен, Кадамжай, Лейлек райондорунда жана Кызыл-Кыя шаарынын аймагында сел жүргөн. Селден Баткен районунун Ак-Татыр айыл аймагы өзгөчө жабыркап, натыйжада район аймагына “өзгөчө кырдаал” режими киргизилген "Жарандык коргонуу кызматтарынын аракети менен аталган айылда жабыркаган жалпы 71 турак үй аныкталып, анын ичинен 10 үйгө сел суусу кирген. Учурда бул үйлөр толук тазаланып бүттү. Турак жайлары жабыркаган тургундарды убактылуу жайгаштыруу үчүн Т. Садыков атындагы орто мектепте атайын жай уюштурулган. Бирок жарандар өз каалоосу менен туугандарынын үйүнө жайгашып, жалпысынан 35 үй-бүлө эвакуацияланган. Азыркы тапта жол каттамдары толук ачылды. Үзгүлтүккө учураган электр энергиясы калыбына келтирилди. Сугат жана таза суу объектилерин калыбына келтирүү иштери уланууда. Жыйындын жүрүшүндө жалпы Баткен облусунун сел кооптуу аймактарын, анын ичинде сел көп катталган Баткен районунун Ак-Татыр айылын селден коргоо боюнча чараларды күчөтүү маселеси каралды. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев аймакты сел сууларынан коргоо боюнча пландалган долбоорду дыкат иштеп чыгып, тиешелүү сунуштарды киргизүүнү тапшырды. Ошондой эле бул багыттагы иштерге мамлекеттик деңгээлде колдоо көрсөтүлөрүн белгиледи", - деп билдирди Баткен облустук бийлиги Саламаттыкты сактоо кызматкерлери жеринде жарандарга керектүү медициналык жардам көрсөтүп, санитардык-эпидемиологиялык кызматтын адистери аймакта залалсыздандыруу иштерин жүргүзүп жатканы, элге атайын унаа менен таза суу жеткирилип, негизги керектелүүчү буюмдар менен камсыздоо иштери уюштурулганы маалымдалды 2-майдын кечинде Баткен районунун Ак-Татыр жана Самаркандек айыл аймактарында катуу сел жүрүп, суу каптоо коркунучунан улам 149 адам эвакуацияланганын жергиликтүү бийлик билдирген. Сел 50гө жакын турак үйдү каптап, 10го жакын үйдүн ичине суу кирип кеткен No media source currently available Ак-Татыр айылынын тургуну Эсенбек Акылбековдун короо-жайын сел каптап кеткен. Ал муну сел каналдарынын жабылып калганы менен байланыштырууда "Мына, үйлөрдү, короо-жайларды суу каптап кетти. Айылдын жанынан өткөн үч селкана, сай бар. Советтер Союзу учурунда сайлардын жээги бекемделип, үч селкана болуп курулган. Сайдын бири Үч-Дөбө айылынан тосулуп, келген суунун баары бир сайга бурулуп калган. Анын кесепетинен мындай суу каптоо болуп, селканага суу батпай, ашып жатат. Айылдын жогору тарабына суунун катуу келген күчүн жоготуу үчүн дамба куруу керек деп бир канча жолу чогулуштарда айтып келдим, бирок таптакыр ишке ашпай келе жатат" Сел Ак-Татыр айыл аймагынын Өрүкзар, Керме-Тоо, Үч-Дөбө айылдарын каптаган "Бул жылы сел жылдагыга салыштырмалуу көп келди, - дейт дагы бир жергиликтүү тургун Самит Нурматов “Менин короо-жайымды суу каптап кетти, үйүмдүн төлөсүнө да суу толгон. Унаа токтоткон жайларымдын баарын каптап, сарайымдын суу келген тарабы көчүп түшкөн. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери келип тазалап кетти. Эми келтирилген зыянды эсептөө үчүн жетекчилер келеби, билбейм. Кудайга шүгүр, адамга зыяны тийбеди” Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тараткан маалыматта учурда Баткен районундагы селден кийинки тазалоо иштерине 158 кызматкер жана 28 техника тартылганы айтылды. Райондун акими Данир Иманалиев селден улам эвакуация болгон жарандардын айрымдары үйлөрүнө кайта баштаганын айтты “Учурда жарандардын айрымдары үйлөрүнө кайта баштады. Бирок биз ошого карабастан мектептин ичинен 50 адамга ылайыкталган орун даярдап койгонбуз. Учурда медицина кызматкерлери да иштеп жатат. Кечээ кечинде көчүрүлгөн адамдардын абалын текшерип жатышат” Учурда сел жүргөн аймактарда атайын техника ишке тартылып, кесепеттерин жоюу, жолдорду тазалоо иштери жүргүзүлүп жатат. Синоптиктер соңку күндөрү республиканын айрым аймактарында жаан-чачынга байланыштуу сел жүрүү коркунучу жогору экенин эскертишкен Өлкөнүн түштүгүндө сел акыркы жылдары күчөп, адам өмүрүн алган окуялар катталып келет. 2024-жылы жүргөн селден 22 адам каза болгон Ал жылы Ош шаарын аралап өткөн Ак-Буура дарыясы ташып, борбордук базарды каптаган. Ноокат районунда катуу сел жүрүп, үйлөрдү, көпүрөлөрдү суу алып, адам өмүрүн алган кырсыктар болгон Эколог Абдыжапар Аккулов өлкө аймагында сел кырсыгынын көп катталып жатышын жер кыртышынын деградацияга учурап жатканынан көрөт “Буга чейин деле жаан-чачын жаап келген. Бирок мынчалык сел көп катталган эмес. Акыркы убактарда сел кырсыгынын көбөйүп кетиши жер кыртышынын деградациясына байланыштуу. Мисалы, жайыттардын талкаланышы, туура эмес айдоо жерлердин пайда болушу, кен казууда жердин үстүңкү катмарынан (отвал) чыккан топурактардын ар кайсы жерге төгүлүшү, интенсивдүү жааган жаандан улам кум, топурак, шагыл таштардын баарын агызып, чоң физикалык күчкө ээ болгон селди пайда кылып жатат. Жаан-чачын жааган учурда аны кармап кала турган өсүмдүктөрдүн, жашыл чөптөрдүн тамыры менен жок болушу селдин пайда болуусуна шарт түзөт” Абдыжапар Аккулов өкмөт селдин учурдагы кесепети менен күрөшпөстөн, алдын алуу программасы менен иш алып барышы керек деген сунушун айтууда “Сел өлкөгө экономикалык, экологиялык зыян келтирген, адам өмүрүн алган жаратылыш кырсыгы болуп калды. Селдин алдын алуу боюнча мамлекеттик программалар иштебей калды. Жакшы мыйзамдар бар, бирок жергиликтүү бийлик аны ишке ашыра албай жатат. Мына, экология кызматы эл менен иштеши керек. Мисалы, айылдарга жакын жайыттарда малдын санын өзгөчө көп топтоп алган учурлар да бар. Мен дагы бир жолу айтайын, элге түшүндүрүү иштери көбүрөөк жүрүшү керек” Нөшөрлөп жааган жаандан улам 1-майда Жалал-Абад облусунда, Манас шаарында да сел жүргөн. 30-апрелде Баткен облусунун Кадамжай районунда сел каптаган кээ бир жолдор убактылуу жабылган. 29-апрелде Ош облусунун Алай районунун Гүлчө айылында селге байланыштуу өзгөчө кырдаал режими киргизилген

Kaynak: azattyk.org

Diğer Haberler