Кыргызстандын кыз-келиндер курама командасы жарым саатта 4 гол киргизип, Бахрейнди кайрадан жеңип алды
«Спорт АКИpress» - Футбол боюнча Кыргызстандын кыз-келиндер курамасы Бахрейндеги машыгуу сборунда экинчи жолдоштук беттешин өткөрдү 7-июнда Кыргызстандын командасы Бахрейн курамасы менен беттешти Биринчи тайм 0:0 эсебинде тең чыгуу менен аяктаса, экинчи таймда кыргызстандыктар 30 мүнөттө төрт гол

«Спорт АКИpress» - Футбол боюнча Кыргызстандын кыз-келиндер курамасы Бахрейндеги машыгуу сборунда экинчи жолдоштук беттешин өткөрдү 7-июнда Кыргызстандын командасы Бахрейн курамасы менен беттешти Биринчи тайм 0:0 эсебинде тең чыгуу менен аяктаса, экинчи таймда кыргызстандыктар 30 мүнөттө төрт гол киргизип, 4:0 эсебинде жеңишке жетишти Бул командалардын 4-июндагы биринчи оюнунда кыргызстандыктар 5:0 эсебинде жеңишке жетишкен Бахрейн - Кыргызстан - 0:4 (0:0) Голдор: Нагима Туралиева, 65 (0:1), Айтурган Курманбекова, 72 (0:2), Нурсулу Мурзакулова, 80 (0:3), Анеля Асанбекова, 90+5 (0:4)


