Жарык өчпөйт: Ысык-Көлдө электр тармактары жаңыланууда
Бишкек, 12.06.26. /Кабар/. Ысык-Көл облусунда жайкы туристтик сезондо жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары учурунда жарыкты үзгүлтүксүз берүү максатында масштабдуу оңдоо иштери жүрүүдө Энергетика министрлигинен билдиришкендей, учурда 552 темир-бетон тирөөч орнотулуп, 94,2 чакырым заманбап СИП чубалгы

Бишкек, 12.06.26. /Кабар/. Ысык-Көл облусунда жайкы туристтик сезондо жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары учурунда жарыкты үзгүлтүксүз берүү максатында масштабдуу оңдоо иштери жүрүүдө Энергетика министрлигинен билдиришкендей, учурда 552 темир-бетон тирөөч орнотулуп, 94,2 чакырым заманбап СИП чубалгысы тартылды Анын ичинде Чолпон-Ата шаарында 401 жаңы тирөөч коюлуп, 67,2 чакырым жаңы СИП зымдары тартылып, 15,2 чакырым эскирген алюминий зымдары заманбап СИП зымдарына алмаштырылды. Ошондой эле жыл башынан бери 17 трансформатордук көмөк чордону капиталдык оңдоодон өтүп, дагы 67си техникалык тейлөөдөн өткөрүлдү Белгилей кетсек, заманбап СИП зымдары сыртынан изоляцияланганы үчүн катуу шамалда, жаан-чачында кыска туташууну жаратпайт. Бул авариялык өчүрүүлөрдүн алдын алып, электр энергиясын туруктуу берүүгө шарт түзөт


