Жаратылыш коруктарында өткөрүү пункттары автоматташтырылат
Бишкек, 08.06.26. /Кабар/. Кыргызстандын өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарында заманбап өткөрүү пункттары курулуп, инфраструктурасы толугу менен жаңыланат. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти Маалыматка ылайык, министрлик менен "Кыргызстр

Бишкек, 08.06.26. /Кабар/. Кыргызстандын өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарында заманбап өткөрүү пункттары курулуп, инфраструктурасы толугу менен жаңыланат. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти Маалыматка ылайык, министрлик менен "Кыргызстройсервис" мамлекеттик ишканасынын ортосунда тиешелүү келишимге кол коюлду. Долбоордун жалпы суммасы 80 млн сомго жакын каражатты түзөт Келишимдин алкагында белгилүү "Сары-Челек" мамлекеттик биосфералык коругунда жана "Кыргыз-Ата" мамлекеттик жаратылыш паркында заманбап өткөрүү пункттары курулат. Мындан тышкары, өлкө боюнча дагы 16 мамлекеттик жаратылыш паркында жана коруктарында толугу менен автоматташтырылган өткөрүү пункттарын орнотуу пландалууда


