Жапаров Кыргызстан БУУнун Коопсуздук Кеңешине биринчи жолу кантип киргенин айтып берди
Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө шайланышына комментарий берди “Кабар” мамлекеттик маалымат агенттигине курган маегинде президент бардык өлкөлөр менен иш алдын ала, шайлоого эки жыл калганда башталганын жана бул өз натыйжасын бергенин белгил

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө шайланышына комментарий берди “Кабар” мамлекеттик маалымат агенттигине курган маегинде президент бардык өлкөлөр менен иш алдын ала, шайлоого эки жыл калганда башталганын жана бул өз натыйжасын бергенин белгиледи. Садыр Жапаров бизди колдоп келген мамлекеттердин жетекчилерине жана дипломаттарына терең ыраазычылык билдирди "Албетте, ар кандай шайлоолор кандайдыр бир кыйынчылыктар менен коштолот. Добуш берүү жашыруун форматта өтөт. Мамлекет өзүнүн колдоосун билдире алат, бирок добуш берүү учурунда башка тандоо жасай алат. Ошого карабастан, биздин дипломаттардын эмгеги чоң", - деп баса белгиледи Садыр Жапаров Алгачкы этапта кандайдыр бир күмөн саноолор болгон. Бирок, добуш берүүгө беш-алты ай калганда биз шайлоого жетишебиз деп ишенчүмүн Президенттин айтымында, Кыргызстан акыркы жылдары коңшу мамлекеттер менен чек ара маселелерин чечүүнүн демилгечилеринин бири болуп, Борбордук Азияда туруктуу тынчтыкты чыңдоого салым кошкону белгилүү роль ойноду "Албетте, бул фактор абдан маанилүү роль ойноду. Көп жылдар бою чечилбей келген чек ара маселесинин чечилиши көптөгөн мамлекеттер жана БУУ үчүн күтүүсүз болду. Дүйнөнүн ар кайсы аймактарында аймактык талаштар, куралдуу кагылышуулар, гуманитардык кризистер жана адамдардын өлүмү уланып жатканы менен, Борбор Азияда дагы чечилбеген көйгөйлөрдүн сакталышы күтүлүүдө", - деди президент Биз күчтөрдү бириктирип, бардык маселелерди сүйлөшүү жолу менен чечүүгө жетиштик. Муну бүт дүйнө көрдү. Андыктан биздин жеңишибизге бул фактордун салымы чоң болду десек болот Эске сала кетсек, 3-июнда Кыргызстан тарыхта биринчи жолу БУУнун Коопсуздук кеңешинин 2027-2028-жылдарга туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланган. Кыргызстандын талапкерлиги үчүн 142 мамлекет добуш берди. Анын Азия-Тынч океандагы тайпадагы атаандашы Филиппин болуп, 49 добушка ээ болгон


