Жапаров Кыргызстандын Сейшел аралдары менен алакасын талкуулады
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-майда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Сейшел аралдарынын тышкы иштер жана диаспора министри Барри Форду кабыл алды. Президенттик администрация билдиргендей, эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүү, анын ичинде саясий диалогду чыңдоо, соода-экономикалык жана мадан

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-майда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Сейшел аралдарынын тышкы иштер жана диаспора министри Барри Форду кабыл алды. Президенттик администрация билдиргендей, эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүү, анын ичинде саясий диалогду чыңдоо, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды кеңейтүү маселелери талкууланды Мамлекет башчы Кыргызстан Африка өлкөлөрү менен өз ара аракеттенүүнү тереңдетүүгө умтулуп жатканын белгилеп, географиялык алыстыкка карабастан кызматташууну кеңейтүү үчүн чоң мүмкүнчүлүктөр бар экенин белгиледи Жолугушууда инвестиция, туризм, финансы жана санариптик технологиялар жаатында кызматташуу тууралуу сөз болду «Туризм тармагын өнүктүрүү жана санариптик трансформация боюнча тажрыйба алмашууга, ошондой эле “Тамчы” атайын каржылык инвестициялык аймагы жана “Учкун” ишканасы менен кызматташууну жолго коюуга өз ара кызыкдарлык белгиленди», - деп айтылат маалыматта Барри Фор Кыргызстанга 4-майда келди. Ушул эле күнү аны тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев кабыл алган Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргызстан менен Сейшел аралдары ортосунда кыска мөөнөттүү сапарлар үчүн визалык талаптарды жокко чыгаруу макулдашылган ТИМ Сейшел аралдарынын башкы дипломаты Кыргызстанга алгачкы ирет келгенин, бул визит министр Кулубаевдин чакыруусу менен уюштурулганын белгилеген Сейшел аралдары 1976-жылы Улуу Британиядан көз карандысыздык алган, карамагында 115 арал бар. Анда 135 миңдей калк жашайт. (КЕ)
Diğer Haberler

SpaceXге каршы класстык доо: Үйлөрүбүз жабыркады - Kıbrıs News - Kıbrıs News, TRNC Акыркы мүнөт жана күн тартибиндеги жаңылыктар

Токаев ЕЭК ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары боюнча баяндамасын укту
