Tenqri
Башкы бет
Дүйнө

Жапаров Кобахидзе менен сүйлөшүүнүн жыйынтыгы боюнча ЖМКларга билдирүү жасады

Бишкек, 12.06.26 /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 12-июнда Бишкек шаарында Грузиянын премьер-министри Ираклий Кобахидзе менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн билдирүү жасады Мамлекет башчысынын сөзү: “Урматтуу Ираклий Кобахидзе мырза Урматтуу жалпыга маал

0 көрүүkabar.kg
Жапаров Кобахидзе менен сүйлөшүүнүн жыйынтыгы боюнча ЖМКларга билдирүү жасады
Paylaş:

Бишкек, 12.06.26 /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 12-июнда Бишкек шаарында Грузиянын премьер-министри Ираклий Кобахидзе менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн билдирүү жасады Мамлекет башчысынын сөзү: “Урматтуу Ираклий Кобахидзе мырза Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү Алгач, Грузиянын премьер-министри, урматтуу Ираклий Кобахидзе мырзага, менин чакыруумду кабыл алып, Кыргызстанга расмий сапар менен келгендиги үчүн ыраазычылык билдирем Грузия Кыргызстан үчүн өз ара ишенимге, урматтоого жана узак мөөнөттүү кызматташтыкка негизделген маанилүү өнөктөш экендигин баса белгилейт Урматтуу Ираклий Кобахидзе мырзанын Кыргызстанга жасап жаткан бүгүнкү алгачкы расмий сапары тарыхый сапар деп эсептейбиз Анткени ал 34 жылдык кыргыз-грузин дипломатиялык мамилелеринин доорунда грузин досторубуздун эң жогорку деңгээлдеги Кыргызстанга жасаган биринчи расмий сапары болду Бүгүнкү сүйлөшүүлөр ачык-айкын, достук жана конструктивдүү маанайда өттү Биз биринчи кезекте эки тараптуу күн тартиптеги эң маанилүү маселелерди – саясий диалог, соода-экономикалык байланыштар, инвестициялык жана тармактык кызматташтык, ошондой эле маданий-гуманитардык алакаларды өнүктүрүү боюнча кеңири талкуу жүргүздүк Мамлекеттерибиздин ортосундагы ишенимдүү саясий байланыштар эки тараптуу кызматташтыктын бардык багыттары үчүн бекем негиз болуп эсептелет Ушуга байланыштуу, биз саясий диалогду үзгүлтүксүз улантуунун, өкмөттөр жана парламенттер аралык байланыштарды жандандыруунун, тышкы иштер ведомстволорунун ортосундагы консультацияларды кеңейтүүнүн зарылдыгын белгиледик Соода-экономикалык кызматташтык бүгүнкү сүйлөшүүлөрдүн негизги багыттарынын бири болду Биз өз ара соодадагы оң динамиканы белгилеп, соода жүгүртүүнү мындан ары көбөйтүү, ишкерлердин түз байланыштарын кеңейтүү, биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча практикалык чараларды көрүүгө даяр экенибизди тастыктадык Кыргыз Республикасы бүгүн туруктуу экономикалык өсүштү камсыз кылып, реформаларды активдүү жүргүзүп, бизнес жана инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүүдө Ушуга байланыштуу биз грузин өнөктөштөрүбүздү транспорт жана логистика, айыл чарба, курулуш, санариптик экономика, туризм жана башка келечектүү тармактардагы долбоорлорго активдүү катышууга чакырдык Өзгөчө, Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу менен Грузиянын порттук инфраструктурасын байланыштыруу маселелерине көңүл бурулду Бул жааттагы өнөктөштүк эки өлкө ортосундагы приоритеттүү багыттарынын бири катары деп белгиледик Маданий-гуманитардык кызматташтык да эки тараптуу мамилелерибиздин маанилүү бөлүгү болуп саналат Биз билим берүү, илим, маданият, жаштар саясаты жана спорт жаатындагы алмашууларды мындан ары кеңейтүүгө кызыкдарбыз Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, грузин спортчуларын ушул жылы Кыргыз Республикасында өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына активдүү катышууга чакырдым Бул ири эл аралык иш-чара элдерибиздин ортосундагы достукту, өз ара түшүнүшүүнү жана маданий жакындашууну чыңдоо үчүн дагы бир маанилүү аянтча болот деп ишенем Эки тараптуу күн тартибинде турган маанилүү маселелерди талкуулагандан кийин көп тараптуу кызматташтыкка дагы токтолдук Тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү боюнча Кыргызстандын эл аралык демилгелерин колдогону үчүн грузия тарапка ыраазычылык билдирип, бул багытта мындан ары да тыгыз иш алып барууга даярдыгыбызды тастыктадык Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында бир катар маанилүү документтерге кол коюлду Бүгүн жетишилген макулдашуулар кыргыз-грузин мамилелеринин мындан ары бекемделишине, өз ара пайдалуу долбоорлордун ишке ашырылышына жана эки өлкөнүн элдеринин бакубатчылыгына кызмат кылат деп ишенем Урматтуу Ираклий Кобахидзе мырза, натыйжалуу сүйлөшүүлөр жана кыргыз-грузин өнөктөштүгүн өнүктүрүүгө болгон даярдыгыңыз үчүн сизге дагы бир жолу ыраазычылык билдирем Кадырлуу дос грузин элине тынчтык, бакубатчылык жана өнүгүүнү каалайм Көңүл бурганыңыздар үчүн рахмат”

Kaynak: kabar.kg

Diğer Haberler