Жапаров Баткенде чек араны демаркациялоо маселеси менен таанышты
Президент Садыр Жапаров 6-майда Баткен облусуна болгон кыска мөөнөттүү иш сапарынын алкагында Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл аймагында жайгашкан “Торговый” базарына барды. Президенттик администрация билдиргендей, мамлекет башчы базардын учурдагы абалы тууралуу маалымат алып, сатуучулар жана жерги

Президент Садыр Жапаров 6-майда Баткен облусуна болгон кыска мөөнөттүү иш сапарынын алкагында Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл аймагында жайгашкан “Торговый” базарына барды. Президенттик администрация билдиргендей, мамлекет башчы базардын учурдагы абалы тууралуу маалымат алып, сатуучулар жана жергиликтүү тургундар менен кыскача баарлашты Маалыматта айтылгандай, Жапаров Баткен облусуна мамлекеттик чек араны демаркациялоо маселелери менен жеринен таанышуу үчүн барган “Өлкө башчысынын аймактын тургундары менен өзүнчө жолугушуулары анын облуска болуучу кийинки сапарынын алкагында өткөрүлөт”, - деп айтылат маалыматта Өткөн айда президент Жапаров Ош облусундагы сапары беш күнгө созулуп, дээрлик бардык райондорду кыдырып, эл менен жолугушкан. Жергиликтүү тургундар, таза суу, билим берүү, медицина жана башка социалдык маселелелер тууралуу суроолорду беришкен. (КЕ)
Diğer Haberler

Учурда Өзбекстанда Экинчи дүйнөлүк согуштун 60 ардагери жана ага теңештирилген адамдар жашайт

Neytrallıq, sanksiyalar və məhbusların taleyi. Ukraynanın Qırğızıstandakı səfiri ilə - müharibə və Orta Asiya ilə əlaqələr haqqında
