Tenqri
Башкы бет
Дүйнө

Жапаров альтернативдик жолдогу таш кулаган учурларды комментарийледи

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын түндүк-түштүк альтернативдик унаа жолундагы таш көчкү түшкөн учурдун тасмасын жарыялап, ал эмнеден болуп жатканын комментарийледи. Мамлекет башчы бул тууралуу Фейсбукта пост жазды “Бул жолго убагында дээрлик 1 миллиард доллар сарпташкан. Болгону 388 км. 1 км жо

0 көрүүazattyk.org
Жапаров альтернативдик жолдогу таш кулаган учурларды комментарийледи
Paylaş:

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын түндүк-түштүк альтернативдик унаа жолундагы таш көчкү түшкөн учурдун тасмасын жарыялап, ал эмнеден болуп жатканын комментарийледи. Мамлекет башчы бул тууралуу Фейсбукта пост жазды “Бул жолго убагында дээрлик 1 миллиард доллар сарпташкан. Болгону 388 км. 1 км жолдун баасы 2,29 млн доллар болгон. Жол эки тилкелүү. Салыштыруу үчүн айтсак, 2020-жылдан кийин эки тилкелүү жолдор эмес, төрт тилкелүү жолдор 1,3–1,5 млн долларга салынууда. Албетте, эки тилкелүү жолдор бул баалардын жарымына бүтмөк. Түндүк-түштүк автожолуна ири суммадагы каражат сарпталганына карабай, жумуштар толук кандуу бүтпөй калган. Ошонун айынан коопсуздук жагын эске алып, колдонууга бербей жатканбыз. “Жолдо жүрүү убактысы кыскарат эле, жолду ачып бергиле” деген элдин талабынан улам, ошондой эле жай мезгилинде көчкү жүрүү коркунучу аз деп, жогоруда айтканымдай, убактылуу ачканбыз. Бирок болбой эле таштар кулап жатат. Ошондуктан бул жолго чыккандарды өтө этият болууга чакырам. Айрыкча жаан-чачын болуп жаткан күндөрү бул жолго чыкпаганга аракет кылыңыздар”, – деп жазды Садыр Жапаров Президент кооптуу тилкелерде Транспорт жана коммуникация министрлиги кемчиликтерди жоюунун үстүндө иш алып барып жатканын, инженердик курулмалар, инженердик коргоо курулуштары, анын ичинде кар көчкүдөн коргоочу 8 галерея, кардан коргоочу 22 курулма, 12 тирөөч дубал жана 2 эстакадалык көпүрө куруларын билдирди. Жапаров булардын курулушу 2027-жылдын аягында гана бүтүп, жол 2028-жылы толук пайдаланууга берилерин тактады Айрым бөлүктөрү толук курулуп бүтө электигине карабай аталган жол июндун башынан ноябрга чейин, туристтик сезон маалында убактылуу ачылган. 3-июнь күнү аталган жолдун 260–274-чакырым аралыгында таш көчкү түшүп, жол убактылуу жабылып, тазалангандан кийин кайра ачылган. 4-июнда таш көчкү түшүп, кайрадан ачылды Буга чейин да жолдун иштеп келген бөлүктөрүндө жайкысын таш кулап, кышкысын кар көчкү түшкөн учурлар катталып келген. Мурдагы бийликтин тушунда башталган жолдогу мындай кырсыктарга анын курулушу параллель долбоорлоо менен жүрүп, кооптуу тилкелер эске алынбай калгандыгы себеп катары көрсөтүлүп келет Жолду куруу долбооруна 937 миллион долларлык насыя алынган (46 миллиону - грант). Бул каражаттын 560 миллиону өздөштүрүлгөнү айтылган. Негизги инвесторлор – Кытайдын Эксимбанкы, Азия өнүктүрүү, Ислам өнүктүрүү банктары Курулушту Кытайдын China Road & Bridge Corporation ишканасы жүргүзүүдө. (ErN)

Kaynak: azattyk.org

Diğer Haberler

Жапаров альтернативдик жолдогу таш кулаган учурларды комментарийледи | Tenqri