Жаныбек Кубандыков үй камагына которулду
Бишкектин Ленин райондук соту алдамчылык беренеси боюнча айыпталып жаткан Жаныбек Кубандыковдун баш коргоо чарасын камакка алуудан үй камагына өзгөрттү. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына Бишкек шаардык сотунан билдиришти Ленин районунун тергөө судьясынын чечими 2026-жылдын 6-июнунда чыгарылган Ай

Бишкектин Ленин райондук соту алдамчылык беренеси боюнча айыпталып жаткан Жаныбек Кубандыковдун баш коргоо чарасын камакка алуудан үй камагына өзгөрттү. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына Бишкек шаардык сотунан билдиришти Ленин районунун тергөө судьясынын чечими 2026-жылдын 6-июнунда чыгарылган Айыпталуучу К.Ж.га карата мурда тандалган баш коргоо чарасы. А.га камакка алуу түрүндөгү тергөө иштери жүрүп жаткан мөөнөткө – 2026-жылдын 17-июлуна чейин үй камагына алмаштырылган Эске сала кетсек, Жаныбек Кубандыков 21-майда чет элдик инвесторлорго карата өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелип кармалган Тергөөнүн версиясы боюнча, КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси «Алдамчылык» боюнча кылмыш иши козголгон. Иштин алкагында кылмышка тиешеси барлардын бардыгын, ошондой эле мүмкүн болгон ушул сыяктуу фактыларды аныктоо боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө 22-майда Бишкектин Ленин райондук соту УКМКнын тергөөчүсүнүн өтүнүчүн канааттандырып, Кубандыковду 2026-жылдын 17-июлуна чейин - тергөө мөөнөтү үчүн камакта калтырган Кийинчерээк, 25-майда президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов мамлекет башчынын коомдук жардамчыларынын айланасындагы кырдаалга комментарий берди. Анын айтымында, учурда Кыргызстандын жарандарынын арасында президенттин коомдук кеңешчиси же коомдук жардамчысы кызматын ээлей турган эч ким жок Алагөзовдун айтымында, 2024-жылдын сентябрында Садыр Жапаров администрацияны реформалоонун жана башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуунун алкагында коомдук башталышта иштеген бардык кеңешчилерди жана жардамчыларды милдеттеринен бошоткон. Кеп жети коомдук жардамчы жана 19 коомдук кеңешчи жөнүндө болду Алагөзов ошондой эле бүгүнкү күндө президенттин жалгыз коомдук кеңешчиси Binance криптовалюталык биржасынын негиздөөчүсү Чанпэн Чжао экенин белгиледи. Ал санариптик активдер жана блокчейн технологиялары боюнча кеңешчи болуп иштейт

