Жаныбек Кубандыковдун адвокаты Давран Касымов эки айга камалды
Президент Садыр Жапаровдун мурдагы кеңешчиси Жаныбек Кубандыковдун адвокаты Давран Касымов 4-августка чейин камалганы белгилүү болду. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту 5-июнда чыгарганын “Азаттыкка” райондук соттун басма сөз кызматы билдирди Расмий маалыматка ылайык, ага Кылмыш-жаз

Президент Садыр Жапаровдун мурдагы кеңешчиси Жаныбек Кубандыковдун адвокаты Давран Касымов 4-августка чейин камалганы белгилүү болду. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту 5-июнда чыгарганын “Азаттыкка” райондук соттун басма сөз кызматы билдирди Расмий маалыматка ылайык, ага Кылмыш-жаза кодексинин “Алдамчылык” беренеси менен айып тагылууда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 4-июнда судьяларга пара берүү шылтоосу менен алдамчылыкка шек саналган жактоочу кармалганын кабарлаган. Атайын кызматтын маалыматында К.Д.Д. жана К.Н.Бдан мыйзамсыз жол менен алынган каражаттын бир бөлүгү — 100 миң доллар табылганы айтылган Бул факты боюнча Башкы прокуратура адвокат К.Д.Дга өзүнчө кылмыш ишин козгогон. УКМК шектүүлөрдүн аты-жөнүн толук жарыялаган эмес. Бирок атайын кызмат тараткан инициал (К.Д.Д.) адвокат Касымов Давран Давлетовичтин аты-жөнүнө туура келет. Анын жактоочусу жана жакындары комментарий бере элек Давран Касымов Жаныбек Кубандыков кармалгандан кийин билдирүү кылып, бул иште саясий кызыкчылыктар бар экенин, күнөөсүздүк принциби, саламаттыкка жана жашоого болгон укуктар өңдүү конституциялык нормалар сакталбай жатканын айтып чыккан УКМК Жаныбек Кубандыков кармалганын 21-майда билдирген. Атайын кызматтын маалыматында, ал жана дагы бир адам (А.К.Т.) чет өлкөлүк инвесторлорду алдап, өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирген деп шек саналууда Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Алдамчылык” беренеси менен кылмыш иши козголгон. Бишкектин Ленин райондук соту 22-майда Жаныбек Кубандыковдун бөгөт чарасын карап, 17-июлга чейин камакка алган. 6-июнда ушул эле райондук сот аны үй камагына чыгарган Жаныбек Кубандыковдун жубайы, Жогорку Кеңештин депутаты Медина Кайрылбекова 2-июнда социалдык тармактагы баракчасында күйөөсү тууралуу билдирүү тараткан. Ал жолдошу эки чет өлкөлүк ишкерди тааныштырганын, бирок бири экинчисин алдап кетип, ортого түшүп “тааныштырганы үчүн күйүп жатканын” жазган. Орусиялык жаран польшалык жаранды 5 миллион 500 миң долларга алдап кеткенин, күйөөсүнүн буга тиешеси жок экенин кошумчалаган. (BTo)


