Жер мафиясы. Кара-Сууда чиновниктер менен жергиликтүү депутат кармалды -
Кара-Суу районунда муниципалдык жерлерди мыйзамсыз саткан деген шек менен үч адам кармалды. Бул тууралуу Ош облусунун ички иштер башкармалыгынан билдиришти Милициянын маалыматы боюнча, Эсеп палатасы тарабынан жүргүзүлгөн аудиттин жүрүшүндө Жоош айыл аймагынын муниципалдык менчигинде турган жалпы ая

Кара-Суу районунда муниципалдык жерлерди мыйзамсыз саткан деген шек менен үч адам кармалды. Бул тууралуу Ош облусунун ички иштер башкармалыгынан билдиришти Милициянын маалыматы боюнча, Эсеп палатасы тарабынан жүргүзүлгөн аудиттин жүрүшүндө Жоош айыл аймагынын муниципалдык менчигинде турган жалпы аянты 4 миң 544 чарчы метр жер тилкелери мыйзамсыз түрдө жеке колго өтүп кеткени аныкталган Аталган факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин «Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Тергөө иштери Кара-Суу РИИБге өткөрүлүп берилди Тергөөдө мамлекетке 10 миллион 350 миң 200 сом зыян келтирилгени аныкталган Кылмышка тиешеси бар деген шек менен Жоош айылдык кеңешинин депутаты, сатып алуулар боюнча адис жана айыл өкмөт башчысынын орун басары кармалды. Үчөө тең убактылуу кармоочу жайга киргизилди ИИМ тергөө амалдары жүрүп жатканын белгиледи. Укук коргоо органдары муниципалдык жерлерди мыйзамсыз ажыратууга тиешеси бар башка адамдарды аныктоодо


