Евробиримдиктен Молдова жана Украина үчүн жашыл жарык
Евробиримдик өлкөлөрү Украина менен Молдованын Евробиримдикке кошулуусу боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоону макулдашты. Алар расмий түрдө 15-июнда башталат Бул тууралуу Еврокомиссиянын башчысы Урсула фон дер Лейен X социалдык тармагында билдирди "Бүгүн Евробиримдик алдыга чоң кадам жасады. Бардык мүчө-м

Евробиримдик өлкөлөрү Украина менен Молдованын Евробиримдикке кошулуусу боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоону макулдашты. Алар расмий түрдө 15-июнда башталат Бул тууралуу Еврокомиссиянын башчысы Урсула фон дер Лейен X социалдык тармагында билдирди "Бүгүн Евробиримдик алдыга чоң кадам жасады. Бардык мүчө-мамлекеттер Украина жана Молдова менен кошулуу боюнча сүйлөшүүлөрдүн биринчи кластерин ачууга макул болушту", - деди ал Фон дер Лейендин айтымында, дүйшөмбү күнү, 15-июнда өтө турган биринчи өкмөттөр аралык конференцияда кошулуу процессинин негиздери боюнча биринчи кластер ачылат. Ал мыйзам үстөмдүгүнөн күчтүү демократиялык институттарга чейин ЕБ курулган негизги баалуулуктарды жана принциптерди камтыйт Украина менен Молдованын Евробиримдикке кошулуусу боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоо үчүн жашыл жарыкты Еврокеңештин башчысы Антонио Коста ырастады. Өз кезегинде Европарламенттин башчысы Роберта Мецола мындай кадам эки өлкөнүн аракетин жана европалык баалуулуктарга берилгендигин баса белгиледи Евробиримдик өлкөлөрүнүн лидерлери Украинанын Евробиримдикке кошулуусу боюнча сүйлөшүүлөрдү 2023-жылдын аягында баштоону чечишти. Ал кезде бул чечимге Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан гана добуш берген эмес


