Зеленский: Орусия бул согушту токтотушу керек
Украинанын президенти Владимир Зеленский элдешүү аяктагандан кийин Украина Орусиянын бардык аракеттерине “күзгүдөй” жооп кайтарарын айтты. Бул тууралуу ал өзүнүн Telegram каналында жазды Анын айтымында, Орусия «бир нече күнгө созулган» жарым-жартылай тымтырсыкты токтотууну өзү тандап алды, эми Укра

Украинанын президенти Владимир Зеленский элдешүү аяктагандан кийин Украина Орусиянын бардык аракеттерине “күзгүдөй” жооп кайтарарын айтты. Бул тууралуу ал өзүнүн Telegram каналында жазды Анын айтымында, Орусия «бир нече күнгө созулган» жарым-жартылай тымтырсыкты токтотууну өзү тандап алды, эми Украина «күзгүдөй» аракеттенет. Зеленский ошондой эле Москваны "чыныгы, туруктуу ок атышпоо үчүн кадам таштоого" чакырды "Биз Орусиянын бардык кадамдарына жооп катары күзгүдөй кандай иш-аракет кыларыбыз жөнүндө сүйлөштүк. Орусия бул согушту токтотушу керек жана ал чыныгы, туруктуу ок атышпоо үчүн кадам ташташы керек. Бул ишке ашмайынча, Москвага каршы санкциялар керек жана мындан ары да иштеп, күчөшү керек", - деди ал Ошондой эле постто Зеленский өнөктөштөрүн четте турбоого, Орусияга карата жеңилдиктерге жол бербөөгө жана коопсуздук, адилеттүүлүк жана ишенимдүү тынчтык үчүн биргелешип иштөөнү улантууга чакырды 8-майда АКШ президенти Дональд Трамп Орусия менен Украинанын ортосунда 9-майдан 11-майга чейин созулган үч күндүк элдешүүнү жарыялаган


