Tenqri
Башкы бет
Дүйнө

Зеленский Орусияны ок атышпоо режимин бузду деп айыптады

Украинанын президенти Владимир Зеленский 6-майга караган түнү орус армиясы активдүү согуштук аракеттерин улантып, Киев сунуштаган ок атышууну токтотуу режиминен баш тартканын билдирди. Ал бул тууралуу шаршембиде аскер жетекчилери менен болгон жыйындан кийин жазды “Аскерлерибиз менен чалгын кызматта

0 көрүүazattyk.org
Зеленский Орусияны ок атышпоо режимин бузду деп айыптады
Paylaş:

Украинанын президенти Владимир Зеленский 6-майга караган түнү орус армиясы активдүү согуштук аракеттерин улантып, Киев сунуштаган ок атышууну токтотуу режиминен баш тартканын билдирди. Ал бул тууралуу шаршембиде аскер жетекчилери менен болгон жыйындан кийин жазды “Аскерлерибиз менен чалгын кызматтарыбыздын кечки баяндамаларынын жыйынтыгына жараша мындан аркы аракеттерибизди аныктайбыз”, — деп кошумчалады ал Зеленский 5-май күнү орус армиясы Украинанын бир катар шаарларына, анын ичинде Днепр, Запорожье жана Краматорск калааларына катуу сокку урганын белгиледи. Анын айтымында, бул чабуулдардан 20дан ашуун адам каза болгон “Фронттун бардык негизги тилкелеринде чабуул уланып жатат. Түн ичинде эле жана эртең менен 20дан ашуун аба соккусу катталды”, — деди Украина президенти Ал Киев “өзүлөрүнө жараша кайтарарын” дагы бир жолу эске салды Буга чейин Кремль 9-май - Жеңиш майрамына карата ок атышууну токтото турууну сунуштаган. Зеленский буга жооп катары 6-майдан баштап согушту убактылуу токтоторун айткан. Анын демилгесине Орусиянын бийлиги жооп берген эмес Буга чейин украин армиясы билдиргендей, орус күчтөрү 6-майга караган түнү “Искандер-М” үлгүсүндөгү эки баллистикалык ракета, Х-31 башкарылуучу ракетасы жана 108 дрон менен чабуул койгон 6-майдын таңында Сумы шаарындагы бала бакчанын имаратына дрон менен сокку урулган. Акыркы маалыматтарга караганда, имаратты кайтарган күзөтчү аял каза болду. Бийлик өкүлдөрү дагы үч адам жараат алганын билдиришти. Окуя болгон учурда имаратта балдар болгон эмес

Kaynak: azattyk.org

Diğer Haberler