Трамп Иран менен тынчтык келишимине жеке кол коет
Исламабадда өткөн сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Иран менен тынчтык келишими түзүлсө, АКШнын президенти Дональд Трамп ал келишимге кол коюу аземине өзү же онлайн катыша алат. Бул тууралуу Reuters сүйлөшүүлөргө катышкан пакистандык булакка таянуу менен билдирди АКШ тарап Иран менен сүйлөшүүлөрдүн 2-ра

Исламабадда өткөн сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Иран менен тынчтык келишими түзүлсө, АКШнын президенти Дональд Трамп ал келишимге кол коюу аземине өзү же онлайн катыша алат. Бул тууралуу Reuters сүйлөшүүлөргө катышкан пакистандык булакка таянуу менен билдирди АКШ тарап Иран менен сүйлөшүүлөрдүн 2-раунду Пакистанда өтөрүнө ишеним билдирди. Иран тарап анын катышуусуна «оң баа берерин», бирок анын шарттарынын аткарылышын күтөөрүн баса белгиледи – бул шарттарга уранды байытуу укугун таануу кирет. АКШнын вице-президенти Жей Д.Вэнс бүгүн Исламабадда болот деп күтүлүүдө Ок атышпоонун аякташына байланыштуу кырдаал белгисиз бойдон калууда: Иранга каршы согушта АКШ менен Израил 28-февралда жарыялаган эки жумалык ок атышпоо келишими жакынкы сааттарда бүтүшү керек. 10 күн мурун болгон сүйлөшүүлөрдүн биринчи айлампасы ийгиликсиз болуп, андан кийин Тегеран жаңы айлампага чыгуудан баш тартып, муну АКШнын Иран портторуна деңиз блокадасын алып салбаганын жана ирандык жүк ташуучу кемени басып алганын шылтоолоп койгон


