Зеленский Лукашенконун уулдарына санкция киргизген
Украинанын президенти Владимир Зеленский Беларустун президенти Александр Лукашенконун уулдары Виктор жана Дмитрий Лукашенкого каршы 10 жылга санкция киргизди Тиешелүү жарлык мамлекет башчынын сайтында жарыяланганын Modern.az басылмасы жазды Санкциялардын тизмесинде Беларустун Куралдуу күчтөрүнүн

Украинанын президенти Владимир Зеленский Беларустун президенти Александр Лукашенконун уулдары Виктор жана Дмитрий Лукашенкого каршы 10 жылга санкция киргизди Тиешелүү жарлык мамлекет башчынын сайтында жарыяланганын Modern.az басылмасы жазды Санкциялардын тизмесинде Беларустун Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы Павел Муравейко да бар. Жалпысынан өлкөнүн 16 жаранына чектөө киргизилген Санкциялар стандарттуу чараларды, анын ичинде активдерди тоңдурууну, коммерциялык операцияларды, экономикалык жана финансылык милдеттенмелерди токтотууну, расмий сапарларды жокко чыгарууну жана Украинанын мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратууну камтыйт Мындан тышкары, Украина 11 юридикалык жактарга каршы санкцияларды киргизген. Алардын катарына Минскидеги термопластика заводу, Минсктеги граждандык авиация заводу, Витебскидеги электр елчеечу приборлор заводу, Борисов атындагы пластмасса буюмдары заводу кирет. Компанияларга да чектөөлөр 10 жылга белгиленип, ошол эле чаралардын тизмесин камтыйт


