Зеленский Илхам Алиевге телефон чалган
Украинанын президенти Владимир Зеленский Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен телефон аркылуу сүйлөштү Бул тууралуу президент Илхам Алиевдин расмий "Х" аккаунтунда бөлүшүлгөнүн Modern.az жазды Телефондук сүйлөшүүдө Азербайжан-Украина мамилелеринин өнүгүүсүндөгү оң динамика канааттануу менен

Украинанын президенти Владимир Зеленский Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен телефон аркылуу сүйлөштү Бул тууралуу президент Илхам Алиевдин расмий "Х" аккаунтунда бөлүшүлгөнүн Modern.az жазды Телефондук сүйлөшүүдө Азербайжан-Украина мамилелеринин өнүгүүсүндөгү оң динамика канааттануу менен белгиленди. Тараптар ошондой эле эки тараптуу күн тартибинин алкагында Габалада өткөн жолугушууда талкууланган маселелердин аткарылышы боюнча пикир алышты Владимир Зеленский дагы өз постунда Илхам Алиев менен бир нече апта мурда Азербайжанга жасаган иш сапарынын алкагында жетишилген макулдашуулардын аткарылышын талкуулаганын айтты «Биз Украина-Азербайжан эки тараптуу мамилелерин жана региондогу коопсуздукту жана туруктуулукту чыңдоо үчүн башка өлкөлөр менен кызматташууну өнүктүрүүнүн үстүндө иштөөнү улантып жатабыз», - деди Зеленский Украин лидери ошондой эле өнөктөштөр менен болгон байланыштын чоо-жайы боюнча пикир алмашып, кийинки кадамдар боюнча макулдашканын баса белгиледи


