«Тулпар моторс» заводу бир жылдын ичинде 3 миц автомобиль чыгарды -
2025-жылы Tulpar Motors унаа куроочу заводу 2 миңден ашык Chevrolet унаасын чыгарган. Башка маркаларды эсепке алганда продукциянын жалпы келему 3 мин даанага жакынды, же айына орто эсеп менен 250 машинаны тузду. Бул тууралуу 24.kgге компаниядан билдиришти Ишканада чогултулган 1 миңден ашык автоунаа

2025-жылы Tulpar Motors унаа куроочу заводу 2 миңден ашык Chevrolet унаасын чыгарган. Башка маркаларды эсепке алганда продукциянын жалпы келему 3 мин даанага жакынды, же айына орто эсеп менен 250 машинаны тузду. Бул тууралуу 24.kgге компаниядан билдиришти Ишканада чогултулган 1 миңден ашык автоунаа Кыргызстандын мамлекеттик органдарына өткөрүлүп берилди "Учурдагы этапта мамлекеттик заказ ишкананы пайдаланууну камсыз кылууда чоң роль ойнойт, бирок бул өнүгүүнүн жалгыз кыймылдаткычы эмес. Ошол эле учурда завод чекене сооданы активдүү өнүктүрүүдө жана жеңилдетилген каржылык программалардын эсебинен калк үчүн автоунаалардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга жана дилердик тармакты кеңейтүүгө басым жасоодо", - деп белгиледи Тулпар Моторс Сүрөт интернеттен. Улуттук статистика комитетине 50 унаа тапшыруу аземи Компания ошондой эле ишкана ырааттуу түрдө чоң агрегаттан чакан агрегатты чогултууга өтүп жатканын билдирди. Бул этап технологияга, жабдууларга жана өндүрүштүк базаны өнүктүрүүгө кошумча инвестицияларды талап кылат "Ушуга байланыштуу, бүгүнкү күндө долбоордун масштабын кеңейтүү жана анын өнөр жай потенциалын чыңдоо маселеси актуалдуу болуп турат", - деп баса белгиледи компания Өткөн жылдын аягында өндүрүштүн көлөмү 2 миллиард сомдон ашса, салыктык чегерүү 30 миллион сомго жакынды түзгөн Эскерте кетсек, "Тулпар Моторс" заводу 2024-жылы ишке кирген. Заводдун ачылышы Кыргызстандын Министрлер Кабинети менен Өзбекстан өкмөтүнүн ортосунда Кыргыз Республикасында автомобиль жана коммерциялык унааларды чыгарууну уюштуруу боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюунун аркасында мүмкүн болду


