Карагай пансионатын куруучуга 235 миң сом айып салынды
Ысык-Көл районунун Бостери айылындагы «Карагай» пансионатын курууда шаар куруу жана курулуш мыйзамдарын бузуу фактылары аныкталганын КР Курулуш министрлиги билдирди Текшерүүнү Мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөл башкармалыгынын Ысык-Көл облусу боюнча аймактык башкармалыгы жүргүзгөн. Курулуш иш

Ысык-Көл районунун Бостери айылындагы «Карагай» пансионатын курууда шаар куруу жана курулуш мыйзамдарын бузуу фактылары аныкталганын КР Курулуш министрлиги билдирди Текшерүүнү Мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөл башкармалыгынын Ысык-Көл облусу боюнча аймактык башкармалыгы жүргүзгөн. Курулуш иштерин «Буй Сервис Девелопмент» ЖЧКсы жүргүзүп жаткан объектти курууда мыйзам бузуулар аныкталган Ведомстводон билдиришкендей, ишкана темир-бетон конструкцияларын курууда бекитилген долбоордук чечимдерди аткарган эмес. Текшерүүчүлөр тарабынан дубал конструкцияларынын сапатына коюлган талаптардын бузулушу да аныкталган Курулуш министрлиги курулуш уюмдарын иштерди аткарууда мыйзам талаптарын, шаар куруу жана курулуш нормаларын сактоого чакырды


