Tenqri
Башкы бет
Дүйнө

Кыргызстандын Жогорку сотунун төрагасынын орун басары Казакстанда медаль менен сыйланды

Turmush - Бүгүн, 2-июнда Казакстандын Жогорку сотунун төрагасы Асламбек Мергалиевдин чечими менен Жогорку соттун төрагасынын орун басары Нургүл Бакирова «Эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн» медалы менен сыйланды Сыйлык тапшыруу аземи Казакстанда административдик юстиция инстит

0 көрүүakipress.org
Кыргызстандын Жогорку сотунун төрагасынын орун басары Казакстанда медаль менен сыйланды
Paylaş:

Turmush - Бүгүн, 2-июнда Казакстандын Жогорку сотунун төрагасы Асламбек Мергалиевдин чечими менен Жогорку соттун төрагасынын орун басары Нургүл Бакирова «Эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн» медалы менен сыйланды Сыйлык тапшыруу аземи Казакстанда административдик юстиция институтунун киргизилгендигинин беш жылдыгына арналган Астанада өтүп жаткан “Административдик сот адилеттиги жана анын мыйзамдуулукту камсыздоодогу ролу” эл аралык форумунун алкагында өттү Кыргызстандын Жогорку Сотунан маалымдалгандай, 4-июнда форумдун жүрүшүндө административдик укук боюнча Евразия конгрессин түзүү жөнүндө Декларацияга кол коюу аземи болуп өттү Иш-чарага Германиянын, Кыргызстандын, Тажикстандын, Өзбекстандын, Түркиянын, Азербайжандын жана Казакстандын жогорку сот органдарынын өкүлдөрү катышты Форумдун катышуучулары административдик өндүрүштү өнүктүрүү жана мамлекет менен болгон мамилелерде жарандардын укуктарын коргоого заманбап ыкмаларды киргизүү маселелерин талкуулашты Административдик укук боюнча Евразия конгрессин түзүүнүн демилгечиси Казакстандын Жогорку соту болгон Форумда сөз сүйлөгөн Нургүл Бакирова административдик юстиция тармагында тажрыйба алмашуу административдик сот өндүрүшүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга жана мамлекеттик укук чөйрөсүндө жеке жана юридикалык жактардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча бирдиктүү ыкмаларды иштеп чыгууга жардам берерин белгиледи Ал ошондой эле конгресстин түзүлүшү административдик сот адилеттигинин актуалдуу маселелерин талкуулоо жана ар кайсы өлкөлөрдүн судьяларынын кесиптик тажрыйбасын алмашуу үчүн кошумча аянтча болоорун баса белгиледи Иш-чаранын жүрүшүндө ошондой эле административдик укук боюнча Евразия конгрессинин экинчи жыйынын Өзбекстанда өткөрүү пландалып жатканы белгилүү болду

Diğer Haberler