Бишкектин мектептеринин директорлорунун орун басарларына коррупцияга каршы мыйзамдарды сактоо зарылдыгы эскертилди
Билим АКИpress - Бишкек шаарындагы No68 мектепте билим берүү уюмдарынын директорлорунун тарбия иштери боюнча орун басарлары менен жолугушуу болуп өттү Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чара коррупциянын алдын алуу жана билим берүү уюмдарынын жетекчи кызматкерлеринин укуктук сабаттуулугун

Билим АКИpress - Бишкек шаарындагы No68 мектепте билим берүү уюмдарынын директорлорунун тарбия иштери боюнча орун басарлары менен жолугушуу болуп өттү Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чара коррупциянын алдын алуу жана билим берүү уюмдарынын жетекчи кызматкерлеринин укуктук сабаттуулугун жогорулатуунун алкагында өткөрүлдү Билим берүү тармагындагы коррупциянын алдын алуу жана ага каршы күрөшүү маселелери боюнча укук коргоо органдарынын өкүлдөрү катышып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү Жыйындын жүрүшүндө коррупция түшүнүгү, анын көрүнүшүнүн негизги формалары талкууланып, ошондой эле жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар жана укук коргоо органдары тарабынан каралып жаткан иштер тууралуу маалымат берилди Өзгөчө көңүл балдарды мектепке кабыл алууда мыйзамсыз акча чогултуу фактыларына, ошондой эле бүтүрүүчүлөр жана ата-энелер тарабынан билимге ыраазычылык билдирип, акча чогултуу фактыларына бурулууда Жыйындын катышуучуларына билим берүү уюмдарынын ишинде коррупцияга каршы мыйзамдарды, айкындуулук жана ачыктык принциптерин так сактоо зарылчылыгы эскертилди Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгы коррупциялык укук бузуулардын алдын алуу, билим берүү кызматкерлеринин укуктук маданиятын жогорулатуу жана жарандардын сапаттуу билимге бирдей жеткиликтүүлүгүн камсыздоо боюнча системалуу иштерди улантат


