Ветеринардык кызматтын Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча аймактык башкармалыгынын башчысы жана ага инспектору пара менен кармалды
Суу чарба, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин ишмердүүлүгүнүн чөйрөсүндө жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, ветеринардык кызматтын кызмат адамдарынын тобу контролдук-уруксат берүү функцияларын аткарууда коррупциялык схемаларды уюштургандыгы үчүн кармалды. Бул туур

Суу чарба, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин ишмердүүлүгүнүн чөйрөсүндө жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, ветеринардык кызматтын кызмат адамдарынын тобу контролдук-уруксат берүү функцияларын аткарууда коррупциялык схемаларды уюштургандыгы үчүн кармалды. Бул тууралуу Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети билдирди Тергөөнүн жүрүшүндө кармалгандар эт азыктарын ташып келүүгө уруксат берүү жана тиешелүү квота бөлүү үчүн мыйзамсыз акча алууга катышканы аныкталган Мурда түшкөн каражаттардын бир бөлүгүн кайтарып берүү учурунда ветеринардык кызматтын Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча аймактык башкармалыгынын начальниги жана ага инспектору пара менен кармалып, алар Кыргыз Республикасынын Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген Учурда тергелип жаткан кылмышты жасоого тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча кошумча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө


