Мас абалында унаа айдагандар 1 жылга чейин эркинен ажыратылат, - Мамлекеттик жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо инспекциясы
Turmush - ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы инспекциясынын башчысы Нурлан Ниязбеков 9-июнда мас абалында унааны бир нече жолу башкаруу кылмыш жоопкерчилигине алып келет, деп билдирди Бишкек (АКИpress) Буга чейин президент Садыр Жапаров мас абалында айдоочуларга жана жол кырс

Turmush - ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы инспекциясынын башчысы Нурлан Ниязбеков 9-июнда мас абалында унааны бир нече жолу башкаруу кылмыш жоопкерчилигине алып келет, деп билдирди Бишкек (АКИpress) Буга чейин президент Садыр Жапаров мас абалында айдоочуларга жана жол кырсыгына күнөөлүүлөргө жазаны катаалдаштыруу боюнча мыйзамга кол койгон Ниязбеков билдиргендей, Кылмыш-жаза кодексине, Кылмыш-жаза кодексине, Жазык-процесстик кодексине жана «Жол кыймылы жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди Ага ылайык, мурда мас абалында унаа айдагандар бир жылга чейин транспорт каражатын башкаруу укугунан ажыратуу менен жазаланса, эми эсептик көрсөткүчтүн 800 өлчөмүндө айып салуу жана эки жылга чейинки мөөнөткө айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратуу киргизилүүдө Айдоочу жаза мөөнөтү учурунда дагы мас абалында рулга отурса, ага карата кылмыш иши козголот. Бул үчүн 1000ден 1500гө чейин айлык эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө айып салынып, бир жылга чейин эркинен ажыратылат Ниязбеков ошондой эле мас абалында айдоочу жол кырсыгына кабылып, адамдар жабыркаса, 3 жылдан 5 жылга чейин транспорт каражаттарын башкаруу укугунан ажыратуу менен 6 жылдан 8 жылга чейин эркинен ажыратыларын айтты Каза болгон учурда сегиз жылдан он жылга чейин эркинен ажыратуу, ошондой эле 9 жылдан 12 жылга чейинки мөөнөткө транспорт каражаттарын башкаруу укугунан ажыратуу каралган


