Бир нече кундун ичинде Грузиядан ондогон чет элдиктер чыгарылып
Соңку бир нече күндө Грузиянын Миграция департаментинин кызматкерлери Грузияда мыйзамсыз жүргөн 45 чет элдикти өлкөдөн чыгарышты Бул тууралуу Sputnik Грузияга Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди Кения, Түркмөнстан, Кыргызстан, Орусия, Казакстан, Пакистан, Алжир, Таиланд, Уганда

Соңку бир нече күндө Грузиянын Миграция департаментинин кызматкерлери Грузияда мыйзамсыз жүргөн 45 чет элдикти өлкөдөн чыгарышты Бул тууралуу Sputnik Грузияга Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди Кения, Түркмөнстан, Кыргызстан, Орусия, Казакстан, Пакистан, Алжир, Таиланд, Уганда, Индия, Бангладеш, Танзания, Эфиопия, Нигерия жана Судандын жарандары өлкөдөн чыгарылды. Алардын баары уруксат берилген мөөнөттөн ашып, мыйзамдуу негиздерсиз өлкөдө болушкан Учурдагы мыйзамдарга ылайык, депортацияланган адамдарга Грузияга кирүүгө тыюу салынат. Чет өлкөлүк жарандарды чыгаруу чечимин Грузиянын Ички иштер министрлигинин Миграция департаменти да, сот да кабыл алат Өлкөдөн чыгарылган чет элдиктерге эки жылдан беш жылга чейин Грузияга кирүүгө тыюу салынат. Бул чектөө өз ыктыяры менен өлкөдөн чыгып кеткендерге тиешелүү эмес. Грузин бийликтери 2026-жылдын биринчи чейрегинде өлкөдөн 904 чет элдикти чыгарды - түрк жарандары "алдыда"


