Армяндар кимге добуш берүүгө даяр?
Армениянын азыркы премьер-министри Никол Пашинян өлкөдөгү алдыдагы парламенттик шайлоо боюнча социологиялык сурамжылоолор арасында алдыда келе жатат. Бул тууралуу армян маалымат каражаттары Gallup эл аралык ассоциациясына (GIA) шилтеме берүү менен жазып чыгышты Уюм 1001 респондент арасында жүргүзг

Армениянын азыркы премьер-министри Никол Пашинян өлкөдөгү алдыдагы парламенттик шайлоо боюнча социологиялык сурамжылоолор арасында алдыда келе жатат. Бул тууралуу армян маалымат каражаттары Gallup эл аралык ассоциациясына (GIA) шилтеме берүү менен жазып чыгышты Уюм 1001 респондент арасында жүргүзгөн сурамжылоого ылайык, шайлоочулардын 24,3% Пашинян жетектеген бийликтеги “Жарандык келишим” партиясына парламенттик шайлоого добуш берүүгө даяр. Армян ЖМКларынын айтымында, бул жыйынтык оң өсүштү көрсөтөт Сурамжылоого катышкандардын 13,4% лидери орусиялык ишкер Самвел Карапетян болгон «Күчтүү Армения» партиясына добуш берүүгө даяр. Бизнесмен Гагик Царукян жетектеген “Гүлдөгөн Армения” партиясы респонденттердин 7,9%, ал эми экс-президент Роберт Кочарян жетектеген “Армения” блогун тандоого 5,5% гана даяр Жалпысынан респонденттердин жарымынан бир аз көбү – 51,9% алдыдагы шайлоого катышууга ниеттенүүдө Белгилей кетсек, Арменияда парламенттик шайлоо 7-июнда өтөт


