Tenqri
Башкы бет
Дүйнө

Скутер менен тротуарда жүргөнүңүз үчүн 5,5 миң сом айып салынат -

Кыргызстанда мопед жана мотороллер айдоочуларга толук кандуу жол кыймылынын катышуучулары катары мамиле жасалат. Эми мындай унааларды айдоо үчүн А1 категориясындагы айдоочулук күбөлүк керек болот. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча мамлекеттик инспекциясынын жол кайгуул кызмат

0 көрүү24.kg
Скутер менен тротуарда жүргөнүңүз үчүн 5,5 миң сом айып салынат -
Paylaş:

Кыргызстанда мопед жана мотороллер айдоочуларга толук кандуу жол кыймылынын катышуучулары катары мамиле жасалат. Эми мындай унааларды айдоо үчүн А1 категориясындагы айдоочулук күбөлүк керек болот. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча мамлекеттик инспекциясынын жол кайгуул кызматы жана жол практикасы бөлүмүнүн башчысы Нурлан Ниязбеков билдирди Ага ылайык, мопеддердин жана мотороллерлердин ээлери жол эрежесин бузгандыгы үчүн айдоочулардай эле жоопкерчилик тартышат Тактап айтканда, тротуардан айдаганы үчүн эреже бузгандарга 5,5 миң сом айып салынат. Ушундай эле эреже бузуу үчүн айдоочуларга да ушундай эле айып каралган Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча мамлекеттик инспекциясы жаңы чаралар жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатууга жана мопеддерди жана мотороллерлерди колдонууну тартипке келтирүүгө багытталганын, алардын саны акыркы жылдары кыйла көбөйгөнүн белгилейт Мындан тышкары, жарандарга жол эрежесин бузуу фактылары тууралуу билдирүү сунушталды. Мыйзам бузуу фактылары менен фото жана видеоматериалдарды WhatsApp аркылуу милицияга жөнөтсө болот

Kaynak: 24.kg

Diğer Haberler