Tenqri
Башкы бет
Спорт

МЖӨ алкагында юстиция жана спорт: Ош шаарында 323 миллион сомдук долбоорлор ишке ашырылууда

Ош шаарында мамлекеттик-жеке өнөктөштүк алкагында жалпы суммасы 323 миллион сомдук эки долбоор ишке ашырылууда. КР Президентине караштуу Улуттук инвестиция агенттигинин жетекчиси Равшанбек Сабиров мониторингдин жүрүшүндө Ош облусунун юстиция башкармалыгынын жаңы имаратында жана «Булак» спорттук-эс а

0 көрүүeconomist.kg
МЖӨ алкагында юстиция жана спорт: Ош шаарында 323 миллион сомдук долбоорлор ишке ашырылууда
Paylaş:

Ош шаарында мамлекеттик-жеке өнөктөштүк алкагында жалпы суммасы 323 миллион сомдук эки долбоор ишке ашырылууда. КР Президентине караштуу Улуттук инвестиция агенттигинин жетекчиси Равшанбек Сабиров мониторингдин жүрүшүндө Ош облусунун юстиция башкармалыгынын жаңы имаратында жана «Булак» спорттук-эс алуу комплексинде болду, деп маалымдайт агенттик Ош облусунун юстиция башкармалыгынын жаңы имараты 2024-жылдын 18-мартында 47 жылдык мөөнөткө түзүлгөн МЖӨ келишиминин негизинде курулуп жатат. Өкмөттүн өнөктөшү - Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги, жеке өнөктөшү - "Капитал Строй Инвест" ЖЧКсы Экинчи объект – “Булак” спорттук-эс алуу комплекси. Ал Ош шаарындагы «Дельфин» балдар жана өспүрүмдөр спорт мектебинин базасында заманбап дене тарбия борборун куруу жана бассейнди реконструкциялоо боюнча МЖӨ долбоорунун алкагында түзүлгөн Долбоор Ош шаардык мэриясынын жана «Дем-Ал» ЖЧКсынын катышуусунда ишке ашырылган. МЖӨ келишимине 2024-жылдын 19-июлунда 25 жылдык мөөнөткө кол коюлган. Тартылган инвестициянын көлөмү 95 млн сомду түздү. Комплекс 2025-жылдын 5-октябрында пайдаланууга берилген Улуттук агенттик спорт комплекси спорттук инфраструктураны өнүктүрүүгө, сергек жашоо образын жайылтууга жана Ош шаарынын жана анын айланасындагы райондордун жашоочулары үчүн спорттук жайлардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга тийиш деп билдирди Сапардын жыйынтыгы боюнча тараптар долбоорлорду ишке ашыруунун кийинки этаптарын жана инвестицияларды тартуу жана аймактык инфраструктураны өнүктүрүү боюнча МЖӨ механизмдеринин натыйжалуулугун жогорулатуу маселелерин талкуулашты

Kaynak: economist.kg

Diğer Haberler