Кытайдын Цзянсу провинциясы менен меморандумга кол коюлду
Кытайдын экономикалык жактан өнүккөн аймактарынын бири Цзянсу провинциясынын партиялык комитетинин секретары Синь Чансин баштаган делегация Алматы облусуна келди. Иш сапардын алкагында облустун акими Марат Султангазиев менен жолугушуу болуп, эки облустун соода-экономикалык жана инвестициялык кызматт

Кытайдын экономикалык жактан өнүккөн аймактарынын бири Цзянсу провинциясынын партиялык комитетинин секретары Синь Чансин баштаган делегация Алматы облусуна келди. Иш сапардын алкагында облустун акими Марат Султангазиев менен жолугушуу болуп, эки облустун соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташуусу талкууланды. Жолугушуунун жыйынтыгында өз ара кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду Бүгүнкү күндө Алматы облусу Казакстан менен Кытайдын ортосундагы экономикалык мамилелердин маанилүү борборуна айланууда. Акыркы жылдары аймак менен Кытайдын ортосундагы товар жүгүртүү 1 миллиард АКШ долларынан ашты жана туруктуу өсүү темпин көрсөтүүдө. Учурда облуста кытайлык капиталдын катышуусу менен 287 ишкана иштеп жатат. Ал эми жалпы баасы 3 триллион теңгеден ашкан 45 инвестициялык долбоор ишке ашырылууда Марат Султангазиев, райондун акими: Жолугушууда туризм тармагындагы мамилелерге өзгөчө көңүл бурулду. Визасыз режим киргизилгенден кийин Алматы облусуна келген чет элдик туристтердин саны өстү. Өткөн жылы аймакка башка өлкөлөрдөн 147 миңден ашык турист келген, алардын көбү Кытай жарандары Синь Чансин, Кытайдын Цзянсу провинциясынын партиялык комитетинин биринчи секретары: Иш сапардын алкагында конокторго облустан табылган казак элинин тарыхынын жана маданиятынын сырларын ачкан баалуу буюмдардын көргөзмөсү тартууланды. Ошону менен бирге облуста ишке ашырылып жаткан жана келечекте аткарыла турган ири долбоорлор сунушталды. Тараптар бул жолугушуу өз ара мамилелерди жаңы деңгээлге көтөрүүгө негиз болоруна ишеним билдиришти


