Tenqri
Башкы бет
Дүйнө

Ысык-Көлдүн туристтик аймактарында электр кубаты жогорулатылууда

Бишкек, 05.06.26. /Кабар/. Ысык-Көлдөгү ири көмөк чордондор жаңыланып, кубаттуулугу көбөйтүлүүдө. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти Маалыматка ылайык, керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен ишенимдүү жана сапаттуу камсыздоо максатында, учурда "Пржевальская" жана "Долинка" көмөк чорд

0 көрүүkabar.kg
Ысык-Көлдүн туристтик аймактарында электр кубаты жогорулатылууда
Paylaş:

Бишкек, 05.06.26. /Кабар/. Ысык-Көлдөгү ири көмөк чордондор жаңыланып, кубаттуулугу көбөйтүлүүдө. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти Маалыматка ылайык, керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен ишенимдүү жана сапаттуу камсыздоо максатында, учурда "Пржевальская" жана "Долинка" көмөк чордондорунда модернизациялоо иштери кызуу жүрүүдө Алсак, "Пржевальская" көмөк чордонунда эскирген эки даана 25 МВА трансформатору толугу менен заманбап 40 МВАлык жаңы жабдууларга алмаштырылды. Натыйжада көмөк чордондун жалпы кубаттуулугу 65 МВAдан 80 МВАга чейин жогорулады. Бул Каракол шаарынын жана Ак-Суу районунун тургундарын туруктуу жарык менен үзгүлтүксүз камсыздоого жол ачат Ал эми "Долинка" көмөк чордонунда эскилиги жеткен 10 жана 16 МВА кубаттуулуктагы трансформаторлорду эки даана жаңы 40 МВАлык жабдууга алмаштыруу иши башталды. Учурда долбоордун биринчи этабы аяктап, алгачкы 40 МВА трансформатору ишке берилди. Экинчи этаптагы жумуштар ушул жылдын июнь-июль айларында толугу менен соңуна чыгат

Kaynak: kabar.kg

Diğer Haberler