Tenqri
Башкы бет
Дүйнө

Ысык-Көлдөгү жер көчкү: бир адам каза болду, бир өспүрүм дайынсыз

5-июндун кечинде Ысык-Көл районундагы Бостери жана Булан-Сөгөттү айылдарынан ортосунда селдин айынан жер көчкү түштү. Ысык-Көл облусунун губернатору Бакыт Жетигенов ошол жерде туруп "Азаттыктын" журналистине айткандай, таксиде келаткан бир жаран набыт болду, аны менен чогуу отурган 8-класста окуган

0 көрүүazattyk.org
Ысык-Көлдөгү жер көчкү: бир адам каза болду, бир өспүрүм дайынсыз
Paylaş:

5-июндун кечинде Ысык-Көл районундагы Бостери жана Булан-Сөгөттү айылдарынан ортосунда селдин айынан жер көчкү түштү. Ысык-Көл облусунун губернатору Бакыт Жетигенов ошол жерде туруп "Азаттыктын" журналистине айткандай, таксиде келаткан бир жаран набыт болду, аны менен чогуу отурган 8-класста окуган өспүрүм дайынсыз Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 6-июндагы соңку маалыматына караганда, издөө иштери уланууда: Ошол эле жерде кайрадан сел жүрүү коркунучу сакталып турганын, андыктан этият болуу зарыл экенин "Азаттыкка" жергиликтүү адистер кабарлашты Жер көчкү түшкөндө төрт машине жолдон чыгып, ылай-баткак басып калган Машиненин айдоочусу Чолпон-Атадагы ооруканага жеткирилип, анын абалы туруктуу экени кабарланган Өзүн Камчыбек Керимбеков деп тааныштырган тургун "Азаттыкка" буларды айтып берди: "Окуя сегиз жарымдарда болду. Садыр-Аке айыл аймагындагы Комсомол аймагы бул жер. Ватсап группаларга маалымат түшкөндө келгенбиз. Биз да инибизди таба албай жатабыз. ӨКМ иштеп жатат. Жергиликтүү балдар жардам берип жатат. Кайгылуу окуя болду. Иним 8-класс, ал Чолпон-Атага иштери менен барып кайтып келаткан болчу. Жүргүнчү болчу, аны издеп жатабыз. Ал эми каза болгон жарандын сөөгүн машинанын астынан алып чыгышты. Жер көчкү бул жердеги эки кабат тосмону сүрүп кетиптир" Жергиликтүү тургун Нурбек Дүйшеев буларды айтып берди: "Жогору жакта 500-600 метр айдоо жер бар болчу, ошол жер көчкөн окшойт. Азырынча бул болжолдуу маалымат. Барып көрсөк ал жер чуңкур болуп турат. Топурак аябай эле көп түштү. Өйдө жакта сарай бар эле, ал жак аман экен. Ал эми көл жээк болсо 5-6 метрге чейин кирди деп жатышат. Көчкү 400-500 метр жерден түшкөн дешти" Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) Фейсбуктагы баракчасындагы 5-июндагы маалыматында сел каптаган жолдор тазаланганын билдирген. Андан кийинки маалыматында мекеме кырсык болгон жерге министр Канатбек Чыныбаев барганын кабарлады. Балыкчы — Ананьево — Каракол автожолунун 92-чакырымындагы абалды, кырсыктын кесепеттерин жоюу иштерин өзү көзөмөлдөп жатканы маалымдалды Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ысык-Көл облусундагы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Чолпонбек Темирбеков журналисттерге жолдон өтүп бараткан эки машине баткакка батып калганын айткан Бир машинеде бараткан үч киши сыртка чыга качканга үлгүрсө, эки жүргүнчү ичинде калган Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ыкчам тобунун адистери жеринде иштеп жатат. Түнкү саат 1лерде жол ачылганы маалым болду 5-июнь күнү саат болжол менен 20:00 чамасында Чолпон-Ата шаары менен Булан-Сөгөттү айылынын ортосунда сел жүрүп, кара жол убактылуу жабылып калган. Күбөлөр социалдык тармактарга жеринен видео тартып жүктөп, бир нече автоунааны сел көл тарапка агызып кеткенин айтышкан Ошол тилкеде жол куруу иштерине байланыштуу буга чейин карьер казылып жатканы тууралуу да айтылууда

Kaynak: azattyk.org

Diğer Haberler

Ысык-Көлдөгү жер көчкү: бир адам каза болду, бир өспүрүм дайынсыз | Tenqri