Ысык-Көлдө сейрек кездешүүчү турна уялап, эки балапан чыгарды
Бишкек, 03.06.26 /Кабар/. Ысык-Көлдүн тарыхында алгачкы жолу катардагы турнанын биринчи уя салуусу орун алды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти Маалыматка караганда, 19-апрелде корукчу А. Калчаев Ысык-Көл мамлекеттик жаратылыш коругунун Же

Бишкек, 03.06.26 /Кабар/. Ысык-Көлдүн тарыхында алгачкы жолу катардагы турнанын биринчи уя салуусу орун алды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти Маалыматка караганда, 19-апрелде корукчу А. Калчаев Ысык-Көл мамлекеттик жаратылыш коругунун Жети-Өгүз корукчасындагы саздан катардагы турнанын уясын тапкан. Ал эми 24-май күнү ошол эле аймактан эки балапандуу жуп турналар кездешкен Белгилей кетсек, буга чейин өлкө тарыхында 1958-жылы гана катардагы турнанын уя салуусу Чүй өрөөнүндө катталган

