Ысык-Көлдө селден бир киши каза таап, дагы бирөө изделүүдө
Бишкек, 06.06.26. /Кабар/. Балыкчы – Ананьево – Каракол унаа жолунда селден бири киши каза таап, дагы бирөө изделүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти Маалыматка ылайык, 5-июнда кечки саат сегиздер чамасында жааган жаандын кесепетинен сел жүрүп, жолдун 92-чакырымында таш ар

Бишкек, 06.06.26. /Кабар/. Балыкчы – Ананьево – Каракол унаа жолунда селден бири киши каза таап, дагы бирөө изделүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти Маалыматка ылайык, 5-июнда кечки саат сегиздер чамасында жааган жаандын кесепетинен сел жүрүп, жолдун 92-чакырымында таш аралаш ылай эки унааны жана эки эркек кишини басып калган Белгилей кетсек, селдин кесепетинен жабылган Балыкчы – Ананьево – Каракол унаа жолу тазалоо иштеринен кийин ачылды


