Tenqri
Башкы бет
Дүйнө

Ысык-Көлдө сел басып калган экинчи адам табыла элек

Ысык-Көлдө селдин айынан жер көчкү басып калган экинчи адамды издөө иштери уланып жатат. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) селдин кесепетин жоюу жана издөө иштерине жалпы 185 адам, 14 инженердик техника тартылганын 7-июнда билдирди. Куткаруучулар арасында министрликтин мониторинг жүргүзүү жана бож

0 көрүүazattyk.org
Ысык-Көлдө сел басып калган экинчи адам табыла элек
Paylaş:

Ысык-Көлдө селдин айынан жер көчкү басып калган экинчи адамды издөө иштери уланып жатат. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) селдин кесепетин жоюу жана издөө иштерине жалпы 185 адам, 14 инженердик техника тартылганын 7-июнда билдирди. Куткаруучулар арасында министрликтин мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин адистери, суучулдар, жарандык коргонуу жана милиция, тез жардам кызматкерлери бар Расмий кабарда айтылгандай, 5-июнда саат 20:00 чамасында жааган жаандын кесепетинен тоонун боору урап түшүп, сел суусуна кошулган ылай Балыкчы — Ананьево — Каракол унаа жолунун 92-чакырымын жана Мерседес Спринтер, Форд Мондео унааларын, андагы эки эркек кишини басып калган Издөө иштеринин натыйжасында 5-июнда саат 23:35те У.Т. аттуу 2008-жылы туулган эркектин сөөгү табылган Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев, президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Жетигенов жеринде абалды көзөмөлгө алышууда. (КЕ)

Kaynak: azattyk.org

Diğer Haberler