Ысык-Көлдө мыйзамсыз жүргөн 36 чет өлкөлүк жаран кармалды
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) атайын операциянын алкагында Ысык-Көл облусунда мыйзамсыз жүргөн 36 адам аныкталып, кармалганын кабарлады.2-3-июнь күндөрү атайын жүргүзүлгөн рейддик иш-чаралардын негизинде чет өлкөлүк жумушчуларды иштеткен 32 объект, ошондой эле 5 өлкөдөн келген

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) атайын операциянын алкагында Ысык-Көл облусунда мыйзамсыз жүргөн 36 адам аныкталып, кармалганын кабарлады.2-3-июнь күндөрү атайын жүргүзүлгөн рейддик иш-чаралардын негизинде чет өлкөлүк жумушчуларды иштеткен 32 объект, ошондой эле 5 өлкөдөн келген 768 чет өлкөлүк жарандын документтери текшерилди Жыйынтыгында өлкө аймагында мыйзамсыз жүргөн 36 чет өлкөлүк жаран аныкталды. Ал эми мыйзам бузуулар боюнча жалпысынан 64 административдик протокол түзүлдү. Аларга мыйзам чегинде айып пул салынды.Учурда мыйзамсыз мигранттарды Кыргызстандан депортациялоо боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө Маалыматта айтылгандай, жүргүзүлүп жаткан иштер улуттук коопсуздукту камсыз кылууга, коомдук тартипти сактоого жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүүгө багытталган.Коопсуздук кызматы өлкөгө кирүү, жүрүү жана каттоодон өтүү эрежелерин бузгандар, ошондой эле тиешелүү уруксат кагазы жок иштегендер Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартыларын, депортацияга жана өлкөгө кайрадан кирүүгө тыюу салууга чейин жетиши мүмкүн экенин эскертти. Чет өлкөлүк жарандар, жумуш берүүчүлөр жана кабыл алуучу тараптар Кыргызстандын миграциялык мыйзамдарынын талаптарын так сактоого милдеттүү экени белгиленди Быйыл Кыргызстанга сырттан келип иштей турган эмгек мигранттары үчүн квота 52 миңден 100 миңге чейин көбөйгөн 2025-жылы чет өлкөлүк жумушчуларга 25 миң орун бөлүнгөн, бирок кийинчерээк 42 миңге чыгарылган Кыргызстандан эмгек квотасын сураган өлкөлөрдүн башында Кытай, Индия, Түркия, Пакистан жана башка мамлекеттер турат. (ZKo)


