"Ылайын тундуруп ичебиз". Суусуз айылдардагы оор турмуш
Үмүтай жашаган Күңгөй айылы 30 жыл мурда түптөлүп, ошондон бери суу маселеси чечилген эмес. Күңгөй айылындагы мектептин ашпозчусу Зарипа Бекенова бул курч маселе болуп жатканын кошумчалады: "Көчөдөн алып келген суубуз ушинтип ылайланып, астына тунуп калат. Ар жумада тазалап турам. Кудай сактасын де

Үмүтай жашаган Күңгөй айылы 30 жыл мурда түптөлүп, ошондон бери суу маселеси чечилген эмес. Күңгөй айылындагы мектептин ашпозчусу Зарипа Бекенова бул курч маселе болуп жатканын кошумчалады: "Көчөдөн алып келген суубуз ушинтип ылайланып, астына тунуп калат. Ар жумада тазалап турам. Кудай сактасын деп эле иштетип жатабыз. Башта чай менен печенье, момпосуй гана берчү элек. Былтыртан тартып ысык тамак кирген. Бизге таза суу келбей, сууну ташып ичебиз. Өзүбүз, мектептин айланасында жашагандар дагы 1996-жылы бөлүнсөк дагы таза суу маселеси курч. Мектеп деле, айылдагылар деле суу токтогон маалда ташып ичебиз. Кышкысын катуу суукта эки булагыбыздан ташып келебиз. Мектепке дагы ошондон алып келип жатканбыз. Мурда чай эле берген үчүн суубуз жетип жүргөн. Азыр эми өтө кыйын, ысык тамак, идиш жууш керек, балдар колун чайкаш керек, мектепти тазалайбыз" Алып келген суу тазабы, ал кандай келет? "Суу ташыган машиналарын хлор салып тазалап турат дешти. Чили-Сайдан, өздөрү чыгарган жерлерден алып келдик деп айтышат. Бир алып келгенибиз бир аптага жетпейт. Бир жумада бир тазалап турам. Кээде алар келбей калганда окуучулардын жардамы менен, кээде балам жардам берип, мектептин кароолунун жардамы менен ташып келебиз. Негизи биз сууну кенен, жакшы иштетиш үчүн бир жумада эки жолу алып келишибиз керек. Ошого сууну үнөмдөп иштетебиз. Бир тонна сууну силер жак алыс деп 500 сомго алып келет. Ага кээде ата-энелер кайрымдуулук кылып, демөөрчү болот, айрым учурда мугалимдер чыгат, анан өзүмдүн балам дагы мага жардам болсун деп алып келип берет" Он жыл мурда ачылган Күңгөй-Нуру мектебинде 150дөй окуучу билим алат. Окуучуларга бир маал ысык тамак берилгенден тарта суу көп керектеле баштаган


