Европа Биримдиги менен Мексика кеңири соода келишимине кол коюшту
Он жылдык сүйлөшүүлөрдөн кийин Евробиримдик менен Мексика жаңыланган соода жана кызматташтык келишимине кол коюшту. “Учурдагы геосаясий кырдаалды эске алуу менен биздин кызматташуубуз мурдагыдан да маанилүү”, - деди Еврокеңештин төрагасы Антонио Коста жума күнү, 22-майда Мехикодо Жаңы келишимге ыл

Он жылдык сүйлөшүүлөрдөн кийин Евробиримдик менен Мексика жаңыланган соода жана кызматташтык келишимине кол коюшту. “Учурдагы геосаясий кырдаалды эске алуу менен биздин кызматташуубуз мурдагыдан да маанилүү”, - деди Еврокеңештин төрагасы Антонио Коста жума күнү, 22-майда Мехикодо Жаңы келишимге ылайык, Мексика Евробиримдик өлкөлөрүнөн импорттолгон товарларга болгон тарифтердин дээрлик бардыгын жокко чыгарат. Мындан тышкары, соодадагы бюрократиялык тоскоолдуктар жоюлуп, мамлекеттик сатып алуулардын жеткиликтүүлүгүн жөнөкөйлөтүү пландаштырылууда. Кол коюу алдында Коста жана Еврокомиссиянын төрагасы Урсула фон дер Лейен Мексиканын президенти Клаудиа Шейнбаум менен жолугушту Бул Евробиримдиктин лидерлери менен Латын Америкасынын экинчи чоң экономикасынын ортосундагы он жылдагы биринчи саммит болду. Фон дер Лейендин айтымында, Европа келишимди беш миллиард евро өлчөмүндөгү инвестиция менен колдоого ниеттенүүдө. Бул каражаттар Мексикадагы инфраструктуралык долбоорлорго жумшалат


