Япония аялдарды жана мигранттарды эмгекке активдүү тартууга чакырды
Төмөн төрөттүн жана жумуштуулуктун аздыгынан улам жумушчу күчүнүн жетишсиздигин жеңүү үчүн Япония аялдарды жана мигранттарды жумуш күчүнө тартууну күчөтүшү керек Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюму (OECD) өлкөнү жумушчу күчүн жоготууга кам көрүүгө үндөдү 21-кылымдын аягында, эгерде төрөт

Төмөн төрөттүн жана жумуштуулуктун аздыгынан улам жумушчу күчүнүн жетишсиздигин жеңүү үчүн Япония аялдарды жана мигранттарды жумуш күчүнө тартууну күчөтүшү керек Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюму (OECD) өлкөнү жумушчу күчүн жоготууга кам көрүүгө үндөдү 21-кылымдын аягында, эгерде төрөт, миграция жана жумуштуулук азыркы деңгээлде сакталса, Япония жумушчу күчүнүн жарымынан көбүн жоготуу коркунучу бар. Кырдаалды улгайган калктын үлүшүнүн өсүп жатышы экономикага оорчулукту дагы да күчөтүүдө OECD уюмунун маалыматы боюнча, Жапонияда 15-64 жаштагы эркектердин жумушка орношуусу уюмга кирген өлкөлөрдүн ичинен эң жогорку көрсөткүчтөрдүн бирине жетти – 84,7 пайыз. Азыркы шарттарда резервдерди пайдалануу зарыл: аялдарды эмгек рыногуна активдуу тартуу, 60 жаштан ашкан адамдардын иштеши учун шарттарды тузуу, чет елкелук жумушчуларды тартуу жана төрөлүүнү жогорулатуу "Карызды тейлөөгө кеткен чыгымдардын өсүшүнө жана калктын улгайып баратканына туруштук берүү үчүн Япония мамлекеттик карызды кыскартуу жана фискалдык резервдерди түзүү боюнча реформаларды улантуусу керек. Административдик жүктөрдү азайтуу бизнестин өндүрүмдүүлүгүн жакшыртат, ал эми улгайган жумушчулар менен аялдар үчүн эмгекти стимулдаштыруу эмгек менен камсыз кылууну көбөйтөт", - деди OECD Башкы катчысы Маттиас Корманн Эми бийлик эмгек рыногун реформалоону улантыш керек. Стандарттык эмгек келишимдеринин ийкемдүүлүгүн жогорулатуу эмгек рыногундагы дуализмди жеңүүгө жардам бермек. Чет элдик жумушчуларды тартуу жана интеграциялоо, ошондой эле аларды ишке орноштурууда коштоо саясаты чет элдик эмгек ресурстарын натыйжалуу пайдаланууга жардам бермек. Ал эми улгайган жумушчуларды жана стандарттуу эмес келишимдер боюнча иштегендерди толук убакытка тартуу үчүн чоңдор үчүн тиешелүү жана сапаттуу окуу программаларын камсыз кылуу зарыл


