Хаменеи согуштук даярдыкты кучетууге БУЙРУК БЕРДИ
Ирандын жогорку лидери Мужтаба Хаменеи Ислам Республикасынын согуштук даярдыгын күчөтүүнү буйруду Бул тууралуу “Mehr” маалымат агенттиги Ирандын “Хатем аль-Анбия” аскерий командачылыгынын борбордук штабынын командири Али Абдуллахиге таянуу менен билдирди «Жолбашчы душмандын туура эмес эсебине ка

Ирандын жогорку лидери Мужтаба Хаменеи Ислам Республикасынын согуштук даярдыгын күчөтүүнү буйруду Бул тууралуу “Mehr” маалымат агенттиги Ирандын “Хатем аль-Анбия” аскерий командачылыгынын борбордук штабынын командири Али Абдуллахиге таянуу менен билдирди «Жолбашчы душмандын туура эмес эсебине каршы күрөшүү боюнча жаңы көрсөтмө берди», - дейт А.Абдуллахи Анын айтымында, М.Хаменейи менен болгон жолугушууда куралдуу күчтөрдүн даярдыгы боюнча кеңири баяндама берилди Жолугушууда Хаменеи өлкөнүн куралдуу күчтөрүн мактап, АКШ менен Израилдин өлкөгө каршы 40 күндүк согушунан кийин операцияларды улантуу жана душмандар менен чечкиндүү күрөшүү боюнча жаңы көрсөтмөлөрдү берди Эске сала кетсек, 28-февралда АКШ менен Израил Иранга каршы аскердик операциясын баштап, бир катар шаарларга абадан сокку урулган. Ошол эле күнү Ирандын жогорку лидери Али Хаменеи соккулардын натыйжасында өлтүрүлгөн. Буга жооп иретинде Иран Израилдин аймагына ракеталык сокку уруп, Перс булуңундагы өлкөлөрдөгү АКШнын аскерий базаларына сокку урду Иран, АКШ жана алардын союздаштары 8-апрелге караган түнү ок атышпоо келишимине жетишти.Трамп кийин ок атышпоо келишимин белгисиз мөөнөткө узартты Тараптар Пакистанда жаңжалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн, бирок 11-12-апрелде өткөн биринчи айлампада эч кандай жыйынтык чыккан эмес АКШ Тегеранга кысым көрсөтүү үчүн Ирандын портторун жана Ормуз кысыгы аркылуу өтүүчү жолдорду блокадага алды. Иран өз кезегинде Перс булуңуна бара турган кемелер үчүн Ормуз кысыгын блокадага алганын жарыялады. Аймактагы динамикалуу өзгөрүп жаткан кырдаал глобалдык энергетикалык кризисти жаратты
Diğer Haberler

Зеленский жарыялады: Фронтто жымжырттык жок. Ал эми Путин "акыры чыныгы жолугушууларга даяр"

Америкалык социолог Торштейн Веблен; Кандай концепция адамдын айланасындагыларга өзүнүн статусун же кадыр-баркын көрсөтүү үчүн жасаган сатып алууларын аныктайт?
