Дүйнөгө таанымал француз актрисасы Одри Тоту Бишкектеги кинофестивалга келет
Ачылыш азем Турдакун Усубалиев атындагы аянтта болот Расмий ачылыш кечки саат 19:00дө башталып, шаардыктар жана коноктор үчүн өзгөчө сюрприз болот Фестивалдын программасына Эл аралык сынак, Борбордук Азия конкурсу жана «Кыргыз боксу» улуттук программасы кирет Фестивалдын алкагында Кыргызстан, Каз

Ачылыш азем Турдакун Усубалиев атындагы аянтта болот Расмий ачылыш кечки саат 19:00дө башталып, шаардыктар жана коноктор үчүн өзгөчө сюрприз болот Фестивалдын программасына Эл аралык сынак, Борбордук Азия конкурсу жана «Кыргыз боксу» улуттук программасы кирет Фестивалдын алкагында Кыргызстан, Казакстан, Иран, Кытай жана Черногориядан келген тасмалардын бет ачары болот Сынакка кирбеген иш-чараларда студенттердин кыска метраждуу тасмалары (ачык асманда), актёр Догдурбек Кыдыралиевдин ретроспективасы, Монгол киносунун жумалыгы жана өнөр жай программасы: CAF Pitch, Барс in Progress, панелдик талкуулар жана сценарий жазуу боюнча семинарлар Белгилей кетсек, француз актрисасы Одри Тоту 8-июнда саат 15:30да Broadway Cinema кинотеатрында көрүүчүлөр менен жолугушат IV Бишкек Эл аралык кинофестивалы эл аралык маданий диалогду өнүктүрүү, автордук кинематографияны колдоо жана Борбор Азия кинематографиясын дүйнөлүк аренада жайылтуу үчүн маанилүү аянтча болуп калат Белгилей кетсек, азыр Казакстанда өтө турган Биринчи Эл аралык Astana AI Film Festival (AAIFF 2026) үчүн арыздар ачык. Фестивалда толугу менен AI технологиясын колдонуу менен жаралган кыска метраждуу тасмалар үчүн эл аралык сынак өтөт, байге фонду 1 миллион долларды түзөт – бул дүйнөлүк AI фестивалдарынын эң ирилеринин бири


