Роскосмостогу жарылуу: каза болгондор бар
Санкт-Петербургда "Финляндский" станциясына жакын жердеги өнөр жай аймагында жарылуу жана өрт чыкты. Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өрт Минеральная көчөсү, 32 дарегинде чыкканын тактады.Ачык маалымат боюнча, бул даректе Роскосмоско тиешелүү Арсенал заводунун өндүрүштүк имараты жайгашкан О

Санкт-Петербургда "Финляндский" станциясына жакын жердеги өнөр жай аймагында жарылуу жана өрт чыкты. Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өрт Минеральная көчөсү, 32 дарегинде чыкканын тактады.Ачык маалымат боюнча, бул даректе Роскосмоско тиешелүү Арсенал заводунун өндүрүштүк имараты жайгашкан Окуянын кесепетинен төрт адам каза болгону маалымдалды. Экөө күйгөн бөлмөнүн ичинен, дагы экөө урандылардын астында калган. Ошондой эле, эки адам ар кандай оордуктагы жаракаттар менен ооруканага жаткырылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эки жабыркаганын билдирди Буга чейин химиялык реагенттер сакталган ангар күйүп жатканы маалымдалган. 400 м² каптаган өрттү атайын поезд менен өчүрүү тогуз саатка созулду. Жардыруу толкуну ишкананын аймагынан темир жолду коргоп турган кирпич тосмосун талкалаган. Санкт-Петербургдун ар кайсы аймактарынан коюу кара түтүн көрүндү. Окуядан улам станцияда поезд кыймылы токтотулган Россия Федерациясынын Тергөө комитети курулуш же башка жумуштарда коопсуздук эрежелерин бузгандыгы үчүн кылмыш ишин козгоду (КР Кылмыш-жаза кодексинин 216-беренеси, 7 жылга чейин эркинен ажыратуу). Болгон окуянын негизги версиясы - ацетон буусунун тутанышы


