Израилдин аба күчтөрү Тегеранга жаңы сокку урду
Израилдин аскер-аба күчтөрү Тегеранга жаңы сокку урганын Израил армиясынын басма сөз кызматы билдирди Бул жолу чабуулдардын бутасы Ислам революциясынын сакчылар корпусунун (ИРГК) штаб-квартирасы болду. Атап айтканда, “негизги инфраструктурага” Тегерандагы башкы штабдын жана аба күчтөрүнүн штаб-ква

Израилдин аскер-аба күчтөрү Тегеранга жаңы сокку урганын Израил армиясынын басма сөз кызматы билдирди Бул жолу чабуулдардын бутасы Ислам революциясынын сакчылар корпусунун (ИРГК) штаб-квартирасы болду. Атап айтканда, “негизги инфраструктурага” Тегерандагы башкы штабдын жана аба күчтөрүнүн штаб-квартирасына сокку урулду, деп белгиледи ИДФ Кошумчалай кетсек, ошол эле учурда Израилдин учактары Израилди көздөй ракета учурууга даярдалган баллистикалык ракеталар жана аткычтар сакталган кампага чабуул жасаган 28-февралда АКШ менен Израил Иранга каршы согушка киришти. Ирандын ири шаарлары, анын ичинде Тегеран чабуулга кабылды. Ислам революциясынын сакчылар корпусу Израилге кол салуу менен кеңири масштабдуу жооп операциясын жарыялады. Бахрейн, Иордания, Ирак, Катар, Кувейт, Бириккен Араб Эмираттары жана Сауд Аравиядагы америкалык аскерий объектилерге да сокку урулду


