Курулуш уюмдарына жаңы талаптар күчүнө кирди
2026-жылдын 1-июнунан тартып Кыргызстандын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги “Курулуш долбоорлорун ишке ашырууда аймактарды жакшыртууну камсыздоо жөнүндө” буйругун кабыл алган Документ шаардык экологиянын сапатын жакшыртууга, жарандар үчүн коопсуз жана ыңгайлуу шарт

2026-жылдын 1-июнунан тартып Кыргызстандын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги “Курулуш долбоорлорун ишке ашырууда аймактарды жакшыртууну камсыздоо жөнүндө” буйругун кабыл алган Документ шаардык экологиянын сапатын жакшыртууга, жарандар үчүн коопсуз жана ыңгайлуу шарттарды түзүүгө, ошондой эле калктуу конуштарды комплекстүү өнүктүрүүгө багытталган Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаевдин буйругуна ылайык, көп батирлүү турак жайларды, коомдук, административдик, соода жана өндүрүштүк объектилерди долбоорлоодо жана курууда курулушчулар чектеш аймактарды жакшыртуу боюнча иш-чаралардын комплексин караштырууга милдеттүү Милдеттүү иш-чаралардын тизмеси төмөнкүлөрдү камтыйт: • кирүүчү жолдорду жана жер үстүндөгү өтмөктөрдү куруу; • тротуарларды жана жөө адамдар өтүүчү жолдорду уюштуруу; • унаа токтотуучу жайларды түзүү; • тышкы жарыктандыруу системаларын орнотуу; • жамгыр жана жер үстүндөгү сууларды чыгаруу системаларын куруу; • жашылдандыруу иштерин жүргүзүү; • объекттин толук кандуу иштеши үчүн зарыл болгон башка инфраструктуралык элементтер менен камсыз кылуу; • оор курулуш техникасынын жана жүк ташуучу транспорттун кыймылынын натыйжасында бузулган жолдорду калыбына келтирүү; • курулуш учурунда жөө жүргүнчүлөр жана жакын жайгашкан турак жайлардын жашоочулары үчүн ыңгайсыздыктарды жоюу боюнча чараларды көрүү Документте аймактарды комплекстүү өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулат. Жашылдандыруу курулуш үчүн берилген жер участогунун чектеринде гана эмес, зарыл болгон учурда ага чектеш аймактарда да жүргүзүлүүгө тийиш. Бул ыкма бизге бирдиктүү, коопсуз жана ыңгайлуу шаардык инфраструктураны түзүүгө мүмкүндүк берет Келечекте шаар куруу жана архитектура башкармалыгы долбоордук документтерди кароодо каралган жакшыртуу чараларынын болушун жана толуктугун текшерүүгө милдеттүү. Мындан тышкары, Мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөл башкармалыгы курулуш иштеринин жүрүшүндө сапаттуу жана өз убагында аткарылышын көзөмөлдөөнү камсыздайт Кабыл алынган буйрук ишке ашырылып жаткан курулуш объектилеринин сапатын жогорулатууга, калктуу конуштардын архитектуралык көрүнүшүн жакшыртууга, жарандардын коопсуздугун камсыздоого жана жашоо, иштөө жана бизнес жүргүзүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган


