Баары Сербиянын колунда
Евробиримдиктин кеңейиши Сербиянын Евробиримдикке кириши сыяктуу эле “геостратегиялык зарылчылык” болуп саналат, бирок өлкөнүн прогрессинин темпи Сербиянын реформаларды ишке ашырууга жана биримдиктин саясатына жакындоосуна көз каранды болот. Бул тууралуу Еврокеңештин төрагасы Антонио Коста Белградда

Евробиримдиктин кеңейиши Сербиянын Евробиримдикке кириши сыяктуу эле “геостратегиялык зарылчылык” болуп саналат, бирок өлкөнүн прогрессинин темпи Сербиянын реформаларды ишке ашырууга жана биримдиктин саясатына жакындоосуна көз каранды болот. Бул тууралуу Еврокеңештин төрагасы Антонио Коста Белградда Сербиянын президенти Александр Вучич менен биргелешкен маалымат жыйынында билдирди Еврокеңештин башчысы Сербиянын европалык көз карашын колдоону ырастады, бирок кошулуу процесси ишенимге негизделгенин жана конкреттүү шарттарды аткарууну талап кылаарын баса белгиледи Анын айтымында, «Белград менен Приштина ортосундагы мамилелерди нормалдаштыруу», анын ичинде Охрид келишимдерин ишке ашыруу, Сербиянын тышкы саясатын Евробиримдиктин позициясына шайкеш келтирүү, ошондой эле ички реформаларды улантуу негизги артыкчылыктар бойдон калууда Коста мыйзам үстөмдүгү, медиа эркиндиги жана шайлоо мыйзамдарын реформалоо маселелерине өзгөчө көңүл бурду. «Биз бул маанилүү тармактарда реформаларды мындан ары да тездетүүгө чакырабыз», - деди ал Европа Кеңешинин төрагасы өткөн аптада шайлоо системасына байланыштуу төрт мыйзамдын кабыл алынышын кубаттап, муну “өтө маанилүү кадам” деп атады. Ошол эле учурда калган сунуштарды, анын ичинде административдик ресурсту кыянаттык менен пайдаланууну жана шайлоочуларга басым жасоону болтурбоо боюнча сунуштарды ишке ашырууну аяктоо зарыл


