Филиппинде жер титирөөдөн жабыркагандар көбөйдү
Филиппиндеги катуу жер титирөөдөн каза болгондордун саны 37ге жетти. Дагы 487 адам жарадар болуп, төртөө дайынсыз болууда. Куткаруу иштери жана кыйроонун көлөмүн аныктоо иштери уланууда. Бул тууралуу Bloomberg билдирет Жарандык коргоо министринин жардамчысы Бернардо Рафаэлито Алехандронун айтымында

Филиппиндеги катуу жер титирөөдөн каза болгондордун саны 37ге жетти. Дагы 487 адам жарадар болуп, төртөө дайынсыз болууда. Куткаруу иштери жана кыйроонун көлөмүн аныктоо иштери уланууда. Бул тууралуу Bloomberg билдирет Жарандык коргоо министринин жардамчысы Бернардо Рафаэлито Алехандронун айтымында, издөө-куткаруу иштери аягына чыга электигине байланыштуу курман болгондордун саны көбөйүшү мүмкүн "Биздин издөө-куткаруу иш-чаралары жана келтирилген зыянды тез аныктоо иштери уланууда. Бул сандар өзгөрүшү мүмкүн. Көптөгөн турак жай жана соода мекемелери талкаланган", - деп белгиледи чиновник Алдын ала маалыматтар боюнча, 2 миңдей үй жабыркап, анын 400дөн ашыгы толугу менен талкаланган. Ошондой эле 117 мамлекеттик мекеме жана 20га жакын көпүрө жабыркаган. 8-июнь күнү эртең менен Минданао аралында күчү 7,8 баллга жеткен жер титирөө болгон. АКШнын Геологиялык кызматынын маалыматы боюнча, бул Филиппинде 1976-жылдан бери болгон эң күчтүү жер титирөө


