Согуш бул согуш, бирок сүйлөшүүлөр уланууда
АКШ менен Ирандын ортосунда келишимге жетишүү боюнча сүйлөшүүлөр уланууда. Бул тууралуу CNN дипломатиялык булакка таянуу менен билдирди Анын айтымында, АКШнын Иранга сокку уруусуна жана Ирандын Жакынкы Чыгыштагы америкалык объектилерге сокку урууларына карабастан талкуулар уланууда Катар делегац

АКШ менен Ирандын ортосунда келишимге жетишүү боюнча сүйлөшүүлөр уланууда. Бул тууралуу CNN дипломатиялык булакка таянуу менен билдирди Анын айтымында, АКШнын Иранга сокку уруусуна жана Ирандын Жакынкы Чыгыштагы америкалык объектилерге сокку урууларына карабастан талкуулар уланууда Катар делегациясы ирандык расмий өкүлдөр менен түнкү сүйлөшүүлөрдөн кийин бейшемби күнү эртең менен Тегерандан жөнөп кетти. Сүйлөшүүлөр АКШ бейшемби күнү кечинде Ирандын аймагына сокку урган маалда өттү, деп жазат Iran International Сүйлөшүүлөрдүн чоо-жайы айтыла элек Катар салттуу түрдө Вашингтон менен Тегерандын ортосундагы байланыштарда ортомчу катары иш алып барган жана бир нече жолу тараптардын ортосундагы билдирүүлөр үчүн канал катары колдонулган Ал арада Иран армиясы анын күчү 12 күндүк согуштун деңгээлинен ашып кеткенин айтууда Ирандын жогорку даражалуу аскер кызматкери Аболфазл Шекарчи бейшемби күнү аскерлер толук даяр экенин жана өлкөнүн аскердик күчү 12 күндүк согуштан алда канча жогору экенин билдирди Шекарчи душмандын дооматтары деп атаган Ирандын коргонуу техникасы жок кылынды деген дооматтарды четке какты Ал кошумчалагандай, Ирандын куралдуу күчтөрү АКШга “олуттуу жоготууларды” келтирген


