Армениядагы парламенттик шайлоодо добуш берүү аяктады
Азыр добуштарды саноо процесси башталды Саат 17:00гө карата Армениядагы 2 миллион 503 миң 976 шайлоочунун 48,92% же 1 миллион 224 миң 957 шайлоочу добуш берди Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) шайлоочулардын катышуусу тууралуу маалыматтарды ар үч саат сайын жарыялайт. Добуш берүү аяктаганга карат

Азыр добуштарды саноо процесси башталды Саат 17:00гө карата Армениядагы 2 миллион 503 миң 976 шайлоочунун 48,92% же 1 миллион 224 миң 957 шайлоочу добуш берди Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) шайлоочулардын катышуусу тууралуу маалыматтарды ар үч саат сайын жарыялайт. Добуш берүү аяктаганга карата шайлоочулардын саны саат 21:00дө жарыяланат Добуш берүү учурунда шайлоочуларды электрондук каттоо үчүн 4 миң техникалык каражаттар колдонулган. Түз эфирди камсыз кылуучу камералар 1758 шайлоо участогуна орнотулду - 300 же андан көп шайлоочуга кызмат көрсөткөн Өлкөдөгү 1996 шайлоо участкасынын 612си кыймыл мүмкүнчүлүгү чектелген шайлоочулар үчүн жеткиликтүү болгон Шайлоону жана добуш берүү процессин чагылдыруу үчүн жалпысынан 71 ата мекендик ЖМК жана 180ге жакын чет элдик медиа уюмдарынын өкүлдөрү аккредитациядан өттү Шайлоого байкоо жүргүзүү үчүн 13 жергиликтүү жана сегиз эл аралык байкоочулар миссиясы аккредитацияланган Мындан тышкары, Арменияда аккредиттелген 35 дипломатиялык жана консулдук өкүлчүлүктөрдүн өкүлдөрү, 14 шайлоо органынын өкүлдөрү менен бирге зыяратчы статусу менен шайлоого байкоо жүргүзүштү Маалым болгондой, парламенттик шайлоого катышуу үчүн жалпысынан 18 саясий топ, анын ичинде 16 саясий партия жана эки альянс катталган


